Жазгы талаа иштери өткөн жылга салыштырмалуу көбүрөөк аянтты камтыды

Жазгы талаа иштери өткөн жылга салыштырмалуу көбүрөөк аянтты камтыды

Кыргызстанда 2026-жылдын 23-майына карата 677 миң гектардан ашык аянтка жаздык эгин себилип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 7 миң гектарга же 1,1 пайызга көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети маалымдады.

Маалыматка ылайык, себүү аянттарынын өсүшү негизинен арпа, жүгөрү, май өсүмдүктөрү, жашылча жана картошка айдоолорунун көбөйүшү менен шартталган. Тактап айтканда, арпанын айдоо аянты 6,7 миң гектарга, дан үчүн жүгөрү 2,4 миң гектарга, май өсүмдүктөрү 1,3 миң гектарга, жашылчалар 1,5 миң гектарга жана картошка 1,3 миң гектарга көбөйгөн.

Өсүмдүктөрдүн түрлөрү

2025-жылы

2026-жылы

Жалпы себилгени

670,1 га

677,2 га

 арпа

229,8 га

92,1 га

 буудай

97,5 га

236,5 га

 дан жүгөрүсү

97,2 га

99,6 га

 дан буурчактуу өсүмдүк

50,1 га

49,4 га

 күрүч

11,0 га

10,1 га

 картошка

43,4 га

44,7 га

 жашылча

36,3 га

37,8 га

 май өсүмдүктөрү

11,3 га

12,5 га

 кант кызылчасы

13,4 га

11,8 га

Жаздык эгиндер эң көп себилген аймак катары Чүй облусу алдыда турат. Республика боюнча жалпы айдоо аянтынын дээрлик 33 % ушул облуска туура келет. Андан кийинки орундарда Ош облусу (16 %), Ысык-Көл облусу (14,5 %) жана Жалал-Абад облусу (12 %) жайгашкан.

Ошондой эле Чүй облусунда 2026-жылдын түшүмү үчүн 95,5 миң гектар аянтка күздүк буудай себилип, бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 9 пайызга өскөн.

Мындан сырткары, май айынын соңуна карата өлкөдө 94,5 миң гектар күздүк эгин азыктандырылып, 607,9 миң гектар аянтта жазгы айдоо иштери жүргүзүлдү.

Мындан тышкары окуңуз

Ала-Бука районунда 26 чакырымдан ашык жол асфальтталды

Ала-Бука районунда 26 чакырымдан ашык жол асфальтталды

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда Ала-Бука - Караван жана Ала-Бука - Касансай автожолдорунун жалпы 26 чакырымдан ашык бөлүгүнө асфальт төшөлдү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, Ала-Бука - Караван автожолунун 14 чакырымына асфальт төшөө иштери толук аяктап, жол чийиндери чийилди. Учурда жол белгилерин орнотуу иштери жүрүүдө.

Ишкер Media
"Тазалык" Бишкектиктерге таштандыны чыгаруу боюнча кайрылды

"Тазалык" Бишкектиктерге таштандыны чыгаруу боюнча кайрылды

"Тазалык" ишканасы шаар тургундарына таштандыларды саат 19:00дөн кийин чыгарууну сунуштайт. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынан билдиришти. Бул чара таштанды чыгаруу иштерин оптималдаштырып, жол тыгындарын азайтууга багытталган. Ишканадан билдиришкендей, унаа кыймылы азайган кечки убакта таштанды ташуучу техникалар натыйжалуу иштейт. Мэрия тургундарды сунушту эске алып, коммуналдык кызматтардын ишине көмөк

Ишкер Media
Кыргызстанда кескин суукка байланыштуу электр энергиясын керектөө кыйла өстү

Кыргызстанда кескин суукка байланыштуу электр энергиясын керектөө кыйла өстү

"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААК өлкөдө күндүн кескин сууктаганына байланыштуу электр энергиясын керектөө кыйла өскөнүн билдирди. Мекеме белгилегендей, бүгүн Кыргызстандын энергосистемасында электр энергиясын суткалык керектөө 64 млн 318 миң кВт саатка жетти. Бул — күз мезгилинде катталган эң жогорку көрсөткүч. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул эле күнүнө салыштырмалуу 16

Ишкер Media
Бишкекте бир жумада 77 мыйзамсыз объект алынды

Бишкекте бир жумада 77 мыйзамсыз объект алынды

Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы мыйзамсыз объекттерди алуу тууралуу президенттин Жарлыгын аткаруу иштерин улантууда. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди. Маалым болгондой, 19-23-октябрь күндөрү шаар аймагында жеңил типтеги 44 объект жана 33 капиталдык курулуш демонтаждалды. Натыйжада 7 664 чарчы метр муниципалдык жер бошотулду. Иштер мажбурлоо жана ыктыярдуу түрдө жүргүзүлдү.

Ишкер Media