Санариптик инструменттердин аркасы менен биз салык чогултууну көбөйттүк — Акылбек Жапаров

Санариптик инструменттердин аркасы менен биз салык чогултууну көбөйттүк — Акылбек Жапаров

Министрлер кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик бардык министрликтердин санариптештирүү боюнча министрлеринин орун басарларын окуудан өткөрүүдө. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди.

Тренингдин биринчи күнү минкабдын төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусунда өттү. Ал маалымат базаларын түзүү жана алардын ортосунда маалымат алмашуу, жеке маалыматтарды коргоо, санариптик көндүмдөрдү үйрөтүү – мунун баары өлкөнү санариптештирүү үчүн маанилүү компоненттер экенин белгиледи.

"Санариптик инструменттердин аркасы менен биз салык чогултууну көбөйттүк жана президентибиз койгон пландарды аткаруудабыз. Технологиянын тез өнүгүүсүндө мамлекет мурдагыдай ордунда тура бербеши керек.
Ошондуктан, мамлекеттик кызматкерлерибиздин жаңы инструменттерди жана ыкмаларды мамлекеттин пайдасына максималдуу түрдө пайдалана алышы үчүн аларга санариптик көндүмдөрдү окутууга инвестициялоо маанилүү. Тренингдердин жыйынтыгы боюнча аттестациялоо экзаменин өткөрүп, жыйынтыгын мага билдиришиңиздер керек", — деди Акылбек Жапаров.

Белгилей кетсек, министрлердин орун басарлары санариптик трансформациянын стратегиялары, электрондук өкмөттүн мыйзамдык негиздери, маалыматтык системалардын механизмдери, жеке маалыматтарды коргоо багыттары боюнча окуудан өтөт.

Тренинг минкабга караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан уюштурулуп, 2023-жылдын 14-августунан 16-августуна чейин өткөрүлөт.

Мындан тышкары окуңуз

Жалал-Абаддагы "Манас" сейил багы 6 млн долларга жаңыланды

Жалал-Абаддагы "Манас" сейил багы 6 млн долларга жаңыланды

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк аркылуу жаңыланган "Манас" сейил багын көрүп чыкты. Жалпы аянты 5,3 гектарды түзгөн мурдагы "Жеңиш" эл алуу багы 6 миллион долларлык инвестициянын негизинде толугу менен жаңыланды. Долбоордун алкагында сейил бакка 27

Таш-Көмүрдө архитектура башкармалыгынын жаңы имараты ачылды

Таш-Көмүрдө архитектура башкармалыгынын жаңы имараты ачылды

Таш-Көмүр шаарында архитектура башкармалыгынын жаңы имаратынын расмий ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жана курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев катышты. Маалыматка ылайык, жаңы имарат министрликтин материалдык-техникалык базасын чыңдоо

Кыргызстан менен Швейцария каржылык өнөктөштүктү чыңдоону көздөйт

Кыргызстан менен Швейцария каржылык өнөктөштүктү чыңдоону көздөйт

Каржы министри Руслан Суйналиев Швейцариянын Экономика маселелери боюнча мамлекеттик катчылыгынын Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү бөлүмүнүн жетекчиси, өкмөттүн соода келишимдери боюнча өкүлү Пьетро Лаццери менен жолугушту. Министрликтен билдиришкендей, тараптар Кыргызстан менен Швейцариянын ортосундагы финансылык-экономикалык кызматташуунун учурдагы абалын жана келечектеги багыттарын талкуулашты. Өзгөчө көңүл чакан экономиканы колдоо, мамлекеттик башкарууну өнүктүрүү жана

Коомдук талкуу: Баткен окуяларын "Баткен согушу" деп таануу демилгеленди

Коомдук талкуу: Баткен окуяларын "Баткен согушу" деп таануу демилгеленди

Кыргызстанда 1999–2000-жылдардагы Баткен окуяларын расмий түрдө "Баткен согушу" деп таанууну сунуштаган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Мыйзам долбоорунун демилгечиси — эл өкүлү Болот Сагынаев. Ал "Согуштун ардагерлери, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана ооруктагы эмгекчилер жөнүндө" мыйзамга Баткен согушунун ардагерлерин киргизүүнү сунуштоодо. Долбоорго ылайык, бул макам 1999–