Жогорку Кеңештин жаңы депутаты Равшанбек Рысбаев ант берди – өмүрбаяны
Бүгүн, 6-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Ош облусунун Араван районундагы Көк-Жар бир мандаттуу шайлоо округунан шайланып келген Рысбаев Равшанбек Рысбаевич ант берди.
Эскерте кетсек, ал мурдагы депутат Өмүрбек Бакировдун ордуна келди.
Жаңы депутаттын өмүрбаяны:
1976-жылы 2-июнунда Ош облусуна караштуу Ноокат районунун «Коммунист» (учурда-Борбаш) айылында туулган. Жогорку билимдүү;
1996-2003 жылдары Кыргыз Улуттук университетинин Юридикалык факультетинде окуп, аяктаган.
Эмгек жолу :
2002-2008-жылдары жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси;
2012-жылы Ош шаардык кеңешине депутат болуп шайланып, вице-спикер кызматын аркалаган;
2014 - 2021-жылдары Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде министрдин орун басары;
2021-жылы Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.