Subscribe to Our Newsletter

Success! Now Check Your Email

To complete Subscribe, click the confirmation link in your inbox. If it doesn’t arrive within 3 minutes, check your spam folder.

Ok, Thanks

Президент Абдикарим Алимбаевди кабыл алды

Президент Садыр Жапаров президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевди кабыл алды. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди. Абдикарим Алимбаев аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө багытталган, тактап айтканда, Баткен облусундагы инфраструктураны жакшыртуу, социалдык объекттерди куруу, долбоорлорду ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу отчет берди. Ал 2022-жылдын 14-17-сентябрында Баткен, Лейлек райондорунда

Чынгыз Керимбеков profile image
by Чынгыз Керимбеков
Президент Абдикарим Алимбаевди кабыл алды

Президент Садыр Жапаров президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевди кабыл алды. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Абдикарим Алимбаев аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө багытталган, тактап айтканда, Баткен облусундагы инфраструктураны жакшыртуу, социалдык объекттерди куруу, долбоорлорду ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу отчет берди.

Ал 2022-жылдын 14-17-сентябрында Баткен, Лейлек райондорунда жана Баткен шаарында болгон окуялардан улам жабыркаган жарандар үчүн үйлөрдүн курулушу толугу менен аяктаганын маалымдады.

Мындан тышкары, президенттин жарлыгынын алкагында Баткен районунун Капчыгай жана Достук айылдарынын башкы планы түзүлүп, ага ылайык бул айылдар толугу менен кайра курулган. Бүгүнкү күндө өрттөнгөн үйлөр толугу менен калыбына келтирилген, бул айылдардын ички жолдору асфальтталган, жарыктандыруу иштери жүргүзүлгөн, ичүүчү суу системасы ж. б. салынган. Ошондой эле жарандык коргонуу комиссияларынын актыларына ылайык, күйүп кеткен жана капиталдык ремонтко муктаж болгон үйлөрдүн ээлерине толук көлөмдө акча каражаттары берилген, машинасынан же малынан ажырагандарга да акчалай компенсациялар төлөнгөн.

Маалыматты алгандан кийин, президент Садыр Жапаров мындан ары да Баткен облусуна мамлекет тарабынан өзгөчө көңүл буруларын баса белгиледи. Мамлекет тарабынан бөлүнгөн бардык күч, ресурстардын көлөмү улуттук максаттарды жана милдеттерди аткарууга багытталууда.

Ал аймактын социалдык-экономикалык абалын, инфраструктурасын өнүктүрүү маселесине өзгөчө көңүл бурууну тапшырды, ошол эле учурда бардык долбоорлор кечиктирилбестен өз убагында ишке ашырылышы керек.

Президент Садыр Жапаров Баткен облусунун курч маселелерин чечүү жана облусту өнүктүрүү - учурдагы күн тартибиндеги приоритеттердин бири экендигин баса белгиледи.

Чынгыз Керимбеков profile image
by Чынгыз Керимбеков

Subscribe to New Posts

Lorem ultrices malesuada sapien amet pulvinar quis. Feugiat etiam ullamcorper pharetra vitae nibh enim vel.

Success! Now Check Your Email

To complete Subscribe, click the confirmation link in your inbox. If it doesn’t arrive within 3 minutes, check your spam folder.

Ok, Thanks

Read More