Инвестициялык агенттиктин экс-директору «Бишкек» ЭЭАнын жетекчиси болуп дайындалды

Инвестициялык агенттиктин экс-директору «Бишкек» ЭЭАнын жетекчиси болуп дайындалды

Инвестициялык агенттиктин мурдагы директору Умбриэль Темиралиев Бишкек ЭЭАнын жетекчиси болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Бир күн мурун президент Садыр Жапаров башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Темиралиевди Инвестиция агенттигинин жетекчиси кызматынан бошоткон. Мекеменин жаңы жетекчиси болуп буга чейин санариптик өнүктүрүү министрлигин жетектеп келген Талантбек Иманов дайындалды. Темиралиев 2022-жылдын сентябрынан бери Инвестициялар агенттигин жетектеп келген.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров Кочкордо курулуп жаткан ипотекалык үйлөрдү текшерди

Садыр Жапаров Кочкордо курулуп жаткан ипотекалык үйлөрдү текшерди

Президент Садыр Жапаров 23-июнда, Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында, Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан Кочкор айылында курулуп жаткан көп батирлүү турак үйлөрдүн курулушунун жүрүшү менен таанышты. Президенттик админстрациянын малыматтык саясат бөлүмүнүн айтымында, Мамлекет башчысына аянты 2 гектар жер тилкесинде беш кабаттуу 8 блоктон турган турак жай комплексинин курулушу уланып

2026-жылы жер үйлөрдүн баасы 32 %га кымбаттады

2026-жылы жер үйлөрдүн баасы 32 %га кымбаттады

Кыргызстанда 2026-жылдын 5 айында жер үйлөрдүн бир чарчы метринин баасы 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 32,12%га өстү. Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин турак жай рыногунун анализине кагаранда, жеке турак жайларга болгон баанын өсүшү батирлердин баасынын өсүшүнөн жогору болду. Салыштыруу үчүн батирлердики ушул эле

Муром көчөсүн оңдоо үчүн 4 миң чарчыдан ашык жер бошотулат

Муром көчөсүн оңдоо үчүн 4 миң чарчыдан ашык жер бошотулат

Бишкекте өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыктын алкагында Муром көчөсү толугу менен оңдолууда. Бул тууралуу калаа мэриясынын билдиришти. Маалыматка ылайык, курулуш иштери жүрүп жаткан аймактагы муниципалдык жерлерде 40тан ашык чарбалык субъектке таандык 80ден ашуун жеңил типтеги объект жайгашкан. Жолду оңдоо долбоорун ишке ашыруу үчүн бул аймактарды бошотуу зарыл болууда.

Бишкекте айрым автобус каттамдарынын багыты өзгөртүлөт

Бишкекте айрым автобус каттамдарынын багыты өзгөртүлөт

24-июндан тартып Бишкекте Жаш Гвардия бульвары менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилишинде жүргүзүлүп жаткан оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу 5 автобус каттамынын жүрүү багыты убактылуу өзгөрөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка караганда, бул чаралар коомдук транспорттун үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу, ошондой эле калыбына келтирүү иштери жүрүп жаткан мезгилде жол