Садыр Жапаров Финляндияга "жашыл" энергетика тармагында кызматташууну сунуштады

Садыр Жапаров Финляндияга "жашыл" энергетика тармагында кызматташууну сунуштады

Президент Садыр Жапаров, 18-сентябрда, Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын иш-чараларына катышуунун алкагында Финляндиянын президенти Саули Ниинистё менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди.

Өлкө лидерлери эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалы жана келечеги, ошондой эле эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашты.

Садыр Жапаров кызматташуунун бардык артыкчылыктуу багыттарында кыргыз-фин мамилелерин өнүктүрүүгө басым жасап, биргелешкен өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүгө кызыкдар экендигин билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Жапаров Финляндия тарапка "жашыл" энергетика тармагында кызматташууну жолго салууну да сунуштады. Өз кезегинде Финляндиянын президенти Саули Ниинистё өз ара кызыкчылык туудурган чөйрөлөрдө эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө даярдыгын ырастады.

Мындан тышкары, Саули Ниинистё эки өлкө ортосундагы экономикалык жана ишкер мамилелерди өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасы менен кызматташууну күчөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Өлкө лидерлери аймактык жана эл аралык коопсуздук маселелери боюнча да пикир алмашты.

Тараптар эки өлкөнүн географиялык алыстыгына карабастан, Кыргызстан менен Финляндиянын мындан аркы кызматташуусу үчүн байланыштарды активдештирүүгө даярдыгын белгилешти.

Мындан тышкары окуңуз

“Бала ырысы” жөлөк пулуна бир күндө 13 782 арыз кабыл алынды

“Бала ырысы” жөлөк пулуна бир күндө 13 782 арыз кабыл алынды

1-июлдан тартып Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги “Түндүк” ААК менен биргеликте үч жашка чейинки балдарга берилүүчү мамлекеттик “Бала ырысы” жөлөк пулуна Кыргызстандын жарандарынын арыздарын кабыл алууну баштады. Алгачкы күндө эле “Бала ырысы” жөлөк пулуна жалпысынан 14 318 арыз келип түштү. Анын ичинен 13 782 арыз мамлекеттик жөлөк пул

Бишкекте шектүүнүн көрсөтмөсүнөн кийин 1,5 килограммдан ашык маңзат табылды

Бишкекте шектүүнүн көрсөтмөсүнөн кийин 1,5 килограммдан ашык маңзат табылды

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы 20 жаштагы жигитти маңзаттарды таратууга шектүү катары кармады. ИИМдин маалыматына ылайык, 2006-жылы туулган Ж.С.Г. аттуу шектүү жаран Бишкек шаарынын аймагында баңгизаттарды жашыруун жайлар аркылуу таратуу менен алектенип жүргөн. Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү мурда даярдалган жашыруун жайларды көрсөтүп берген. Натыйжада жалпы

Бишкек – Ош жолундагы туннелдин курулушу 2028-жылы бүткөрүлөт

Бишкек – Ош жолундагы туннелдин курулушу 2028-жылы бүткөрүлөт

Бишкек – Ош унаа жолунун 400-чакырымында жаңы туннелдин курулушу башталып, иштер планга ылайык аткарылууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, аталган аралыкта кар жана таш көчкү түшүү кооптуулугу жогору болгондуктан жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо максатында 742 метр узундуктагы 2 тилкелүү туннель курулат. Долбоорго ылайык, 409-чакырымда таш кулоодон

Жумгалда 10 млн 830 миң сомго бааланган жер мамлекетке кайтарылды

Жумгалда 10 млн 830 миң сомго бааланган жер мамлекетке кайтарылды

Нарын облусунун Жумгал районунда 10 млн 830 миң сомго бааланган жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди. Райондук прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө 2020-жылы Чаек айыл аймагында жайгашкан калктуу конуштагы 0,21 гектар жер мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өткөрүлгөнү аныкталган. Башкы прокуратура билдиргендей, мындай иштер жер ресурстарын