Бишкек – Ош жолундагы туннелдин курулушу 2028-жылы бүткөрүлөт

Бишкек – Ош жолундагы туннелдин курулушу 2028-жылы бүткөрүлөт

Бишкек – Ош унаа жолунун 400-чакырымында жаңы туннелдин курулушу башталып, иштер планга ылайык аткарылууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган аралыкта кар жана таш көчкү түшүү кооптуулугу жогору болгондуктан жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо максатында 742 метр узундуктагы 2 тилкелүү туннель курулат. Долбоорго ылайык, 409-чакырымда таш кулоодон коргоочу курулуштар жана 451-чакырымда жер көчкүгө каршы тирөөч дубалдарды орнотуу каралган.

Бүгүнкү күнгө карата, Бишкек порталында тоо боорлоруна коргоочу торлорду орнотуу иштери 90%га аяктады. Туннель курулушу үчүн бетон өндүрүш заводунун монтаждоо иштери соңуна чыкты. Инженер-консультанттар үчүн кеңсе менен лабораториянын курулушу аяктоодо. 

Туннелдин курулушуна керектүүчү материалдар Жапониядан кезек-кезеги менен Кыргызстанга келип жатат. 

Долбоорду 2028-жылы бүткөрүү мерчемделген. Эскерте кетсек, аталган туннель Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жана Жапония эл аралык кызматташтык агенттигинин биргелешкен долбоору болуп саналат.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Транспорт

Акыркы жаңылыктар

Баары

Оштун калктуу конуштарын суу менен камсыздоо боюнча мыйзам долбоору колдоо тапты

Бишкекте 13 жер тилкесинин ээлерине 40,7 млн сом компенсация берилди

Өзгөчө кырдаалдар учурунда медиа-штаб түзүү сунушталууда

Сузактагы кыш завод абаны булгаганы үчүн айыпка жыгылды

Чапаев – Кегети – Арпа-Тектир жолундагы сапатсыз асфальт кайра төшөлүүдө