Кылмыштуу топту каржылаган деп шектелген Ахрор Иминов кармалды

Кылмыштуу топту каржылаган деп шектелген  Ахрор Иминов кармалды

КР грек-рим күрөшү федерациясынын вице-президенти Ахрор Иминов уюшкан кылмыштуу топту каржылаганы үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Такталгандай, ал жүктөрдү ташуу жана логистика боюнча бир катар компаниялардын ишмердүүлүгүнө катышып, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн жалпы кассасына алардын ишмердүүлүгүнөн “салык” чогултууга катышканы (жалпы пайданын болжол менен 30%ы) аныкталды.

Тиешелүү иш-чаралардын жыйынтыгы менен ал Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Мындан тышкары окуңуз

Орусияда Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын өкүлчүлүгүн ачуу маселеси каралды

Орусияда Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын өкүлчүлүгүн ачуу маселеси каралды

Кыргызстандын башкы прокурору Максат Асаналиев Орусияда өткөн Санкт-Петербург XIV эл аралык юридикалык форумуна катышты. Бул тууралуу Кыргызстандын Башкы прокуратурасы билдирди. Маалыматка ылайык, форум — укуктук жөнгө салууну өркүндөтүү, эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү жана мыйзам үстөмдүгүн чыңдоо маселелерин талкуулоого багытталган ири эл аралык аянтча. Иш-чаранын алкагында Максат Асаналиев Орусиянын башкы

ӨКМ: Республиканын тоолуу жана тоо этектеринде сел жүрүшү мүмкүн

ӨКМ: Республиканын тоолуу жана тоо этектеринде сел жүрүшү мүмкүн

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги абанын табынын жогорулашына байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн экендигин билдирди. Маалыматка ылайык, 27-июндан 30-июнга чейин абанын температурасынын жогорулашы жана нөшөрлүү жаан-чачындын күтүлүшү менен байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарда сел жүрүшү мүмкүн. Ошондой эле дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөрү болжолдонууда. ӨКМ жарандарды аба ырайынын кескин

Кыргызстан менен Грузия салыктык башкаруу жаатында тажрыйба алмашат

Кыргызстан менен Грузия салыктык башкаруу жаатында тажрыйба алмашат

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов Грузиянын жергиликтүү салык органынын ишмердүүлүгү менен таанышып, эки өлкөнүн салык системалары ортосундагы кызматташууну кеңейтүүгө багытталган бир катар жолугушууларды өткөрдү. Маалыматка ылайык, иш сапардын жүрүшүндө ал Грузиянын Каржы министрлигине караштуу Кирешелер кызматынын жетекчиси Михаил Маглакелидзе менен жолугушуп, салыктык жана бажылык башкарууну өркүндөтүү, санариптик кызматтарды жакшыртуу

Жалал-Абаддык окуучу кыз Түндүк уюлга эл аралык экспедицияга катышат

Жалал-Абаддык окуучу кыз Түндүк уюлга эл аралык экспедицияга катышат

Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарындагы №54 мектептин 8-классынын окуучусу Мээрим Турдумахаматова “Росатомдун” - “Билимдин муз жаргычы” эл аралык илимий-билим берүү долбоорунун жеңүүчүсү болуп таанылды. “Билимдин муз жаргычы” илимий-агартуучу долбооруна катышуучуларды тандоо 5-майда башталып, үч этап менен өттү. Ага Армения, Бангладеш, Беларусия, Боливия, Бразилия, Венгрия, Вьетнам, Египет,