Жалал-Абаддык окуучу кыз Түндүк уюлда эл аралык экспедицияга катышат

Жалал-Абаддык окуучу кыз Түндүк уюлда эл аралык экспедицияга катышат

Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарындагы №54 мектептин 8-классынын окуучусу Мээрим Турдумахаматова “Росатомдун” - “Билимдин муз жаргычы” эл аралык илимий-билим берүү долбоорунун жеңүүчүсү болуп таанылды.

“Билимдин муз жаргычы” илимий-агартуучу долбооруна катышуучуларды тандоо 5-майда башталып, үч этап менен өттү. Ага Армения, Бангладеш, Беларусия, Боливия, Бразилия, Венгрия, Вьетнам, Египет, Индия, Индонезия, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Монголия, Мьянма, Намибия, Руанда, Сербия, Танзания, Түркия, Өзбекстан жана Түштүк Африкадан келген 14 жаштан 16 жашка чейинки 5 миңге жакын таланттуу мектеп окуучулары күч сынашып, мыктылардын мыктысы катары 22 окуучу тандалып алынган.

Росатомдун маалыматына караганда, жеңүүчүлөр үч баскычтуу тандоодон өтүштү. Алар илимий викторинага катышып, атомдук энергетика, заманбап технологиялар жана Арктика боюнча билимдерин сынашып, финалда "Атомдук технология бүгүн дүйнөнү кандай өзгөртүп жатат?" деген темада чыгармачыл долбоорлорун коргошкон.

Эл аралык тандоо сынагынын жеңүүчүлөрүнүн тизмеси долбоордун расмий сайтында жайгашкан.

"Чынымды айтсам, мен дагы деле ушунун баары мени менен болуп  жатканына ишене албай турам. Мен сынакка өз ишимди жибергенде, жөн гана өз күчүмдү сынап көргүм келген, эми Түндүк уюлга барганы калдым. Сынак оңой болгон жок, бирок мен өзүмдү көргөзө алдым", - деп бөлүштү Мээрим Турдумахаматова.

Эми жаш чилистендер август айында дүйнөдөгү жалгыз атомдук муз жаргыч флотунун өкүлү болгон “Жеңишке 50 жыл” кемеси менен Түндүк уюлга уюштурулган эл аралык экспедицияга катышууга барышат.

Экспедиция учурунда катышуучулар үчүн атомдук технологиялар, Арктиканы изилдөө жана илим боюнча лекциялар, мастер-класстар жана практикалык эксперименттер уюштурулат.


"Билимдин муз жаргычы" илимий-агартуучу долбоор - "Росатом" мамлекеттик корпорациясынын колдоосу менен уюштурулган. Ал табигый илимдерди жана атомдук тармактын технологияларын жайылтууга, таланттуу жана шыктуу балдарды аныктоого жана колдоого, алардын жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө жана кесиптик багыт берүүгө багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Айтматов районунун Чымкент айылында 140 орундуу бала бакчанын курулушу бүттү

Айтматов районунун Чымкент айылында 140 орундуу бала бакчанын курулушу бүттү

Талас облусунун Айтматов районуна караштуу Чолпонбай айыл өкмөтүнүн Чымкент айылында 140 орундуу бала бакчанын курулушу аяктады. Объект республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы аянты 1 480,85 чарчы метрди түзгөн эки кабаттуу имарат курулду. Курулуш министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, бала бакча 140 балага ылайыкталып, билим алуу-тарбиялоо, эс алуу

Ишкер Media
Кыргызстанда сасык тумоого каршы эмдөө башталды

Кыргызстанда сасык тумоого каршы эмдөө башталды

Кыргызстанга сасык тумоого каршы вакциналар алынып келинип, аймактарга таратылып берилди. Бишкектеги үй-бүлөлүк мединалык борборлордо эмдөө башталды. Бул тууралуу Санэпидкөзөмөл департаменти башкармалыгынын жетекчиси Динара Оторбаева "Биринчи радиодон" чыгып сүйлөгөндө билдирди. Динара Отунбаеванын сөзүнө караганда биринчи кезекте ооруну жуктуруп алуу коркунучу жогоркулар бекер эмделет. Алар: * Өнөкөт оорусу бар жарандар

Ишкер Media
Ч.Айтматовдун айкелинин эскизин даярдап - 200 000 сом байге утуп алуу сунушталууда

Ч.Айтматовдун айкелинин эскизин даярдап - 200 000 сом байге утуп алуу сунушталууда

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун айкелинин жана анын чыгармаларынын негизиндеги скульптуралык композициянын эскиздик долбооруна жарыяланган ачык сынактын мөөнөтү 29-ноябрына чейин созулат. Мындай билдирүүнү аталган министрликтен маалымдашты. Сынактын максаты - жазуучунун инсандыгын, чыгармачылык мурасын жана чыгармаларындагы жалпы адамзаттык баалуулуктарды чагылдырган мыкты монументалдык-скульптуралык чечимди тандоо. Билдирүүгө

Ишкер Media
Улуттук банк алты талапкердин кызмат ордуна дайындалышына макулдук берди

Улуттук банк алты талапкердин кызмат ордуна дайындалышына макулдук берди

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 29-сентябрда коммерциялык банктардагы бир катар жетекчилик кызматтарга сунушталган талапкерлердин талапкерлигине макулдук берди. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, “Асман Банк” ЖАКтын директорлор кеңешинин төрагасы кызматына сунушталган Исакова Гульзина Абыловнанын, ошондой эле директорлор кеңешинин мүчөлүгүнө сунушталган Ааб Рийна Амалиенин талапкерлигине макулдук берилди.

Ишкер Media