Бишкекте КМШ мамлекеттеринин ТИМ башчылар кеңешинин отуруму башталды

Бишкекте КМШ мамлекеттеринин ТИМ башчылар кеңешинин отуруму башталды

Бишкекте Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин төрагалыгы алдында КМШга катышуучу мамлекеттердин тышкы иштер министрлер кеңешинин отуруму башталды. Бул тууралуу ТИМ билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө КМШ мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлери эл аралык күн тартибиндеги жана Шериктештик форматындагы өз ара аракеттенүүнүн маселелери боюнча пикир алмашат, ошондой эле КМШнын өкмөт башчыларынын жана мамлекет башчыларынын кеңештеринин жыйындарында киргизилген чечимдердин долбоорлорун карайт.

Мындан тышкары окуңуз

“Элкарт Мобайл” аркылуу QR-код менен эми Кытайда төлөм жүргүзсө болот

“Элкарт Мобайл” аркылуу QR-код менен эми Кытайда төлөм жүргүзсө болот

Кыргызстандын улуттук төлөм системасы жаңы эл аралык кызматты ишке киргизди. Эми «Элкарт Мобайл» тиркемесинин колдонуучулары Кытайда Alipay+ аркылуу төлөөнү ишке ашыра алышат. Аны үчүн  кыргызстандыктар Кытайда товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн QR-код менен төлөшү керек. “БАПБ” ЖАК (Элкарт) маалыматын караганда, төлөмдү ишке ашыруу үчүн “Элкарт Мобайл” тиркемесин жаңылап, “Сервистер”

Улуттук банк эки төлөм уюмуна 220 миң сом айып пул салды

Улуттук банк эки төлөм уюмуна 220 миң сом айып пул салды

КРнын Улуттук банкынын маалыматына ылайык, өлкө мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарында иш алып барган эки төлөм уюмуна айып пул салынды. Маалыматка ылайык, көзөмөл жана жөнгө салуу иштеринин алкагында аныкталган мыйзам бузуулар үчүн бул төлөм уюмдарына жалпы суммасы 220 миң сом өлчөмүндө

“Кыргыз спутниктин” аты “Кыргыз асман” деп өзгөртүлдү

“Кыргыз спутниктин” аты “Кыргыз асман” деп өзгөртүлдү

Министрлер Кабинети “Кыргыз спутник” ачык акционердик коомунун аталышын өзгөртүп, аны “Кыргыз асман” деп атоо чечимин кабыл алды. Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн айтымына караганда, компания 2026-жылдын февраль айында түзүлүп, Кыргызстандагы космостук технологияларды өнүктүрүү боюнча мамлекеттик оператор катары иш алып баруусу пландалган.  Анын негизги милдеттерине спутниктик сүрөттөрдү иштетүү, айыл чарба

Бостериде көлдөн 760 кг таштанды чыгарылды

Бостериде көлдөн 760 кг таштанды чыгарылды

Ысык-Көлдү таштандылардан жана балык уулоочу торлордон тазалоо иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, кезектеги рейд Бостери айылында жүргүзүлүп, көлдүн түбүнөн болжол менен 760 килограммга жакын тиричилик таштандылары чыгарылып, жээкке жеткирилди. Ошондой эле чөгүп кеткен бир катамаран табылып, ал жээкке сүрүлүп чыгарылды. Өзгөчө кырдаалдар минисстрлиги жарандарды