Улуттук банк эки төлөм уюмуна 220 миң сом айып пул салды

Улуттук банк эки төлөм уюмуна 220 миң сом айып пул салды

КРнын Улуттук банкынын маалыматына ылайык, өлкө мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарында иш алып барган эки төлөм уюмуна айып пул салынды.

Маалыматка ылайык, көзөмөл жана жөнгө салуу иштеринин алкагында аныкталган мыйзам бузуулар үчүн бул төлөм уюмдарына жалпы суммасы 220 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Азыркы тапта Улуттук банктын лицензиясын алып ишмердүүлүк жүргүзгөн 57 төлөм уюму бар. Белгилей кетсек, төлөм уюмдары электрондук төлөмдөрдү жүргүзүү, акча которуу жана башка төлөм кызматтарын көрсөтүү багытында иш алып барышат.

Мындай уюмдардын ишмердүүлүгүнүн мыйзам талаптарына шайкеш келиши - кардарлардын укуктарын коргоо жана төлөм системасынын туруктуулугун камсыздоо үчүн маанилүү.


Улуттук банк финансы рыногунун бардык катышуучулары мыйзам талаптарын жана жөнгө салуучу ченемдерди так сактоого милдеттүү экенин белгилеп, төлөм уюмдарынын ишмердүүлүгүнө туруктуу көзөмөл жүргүзүлүп тураарын маалымдады.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Банктар

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкекте уруксатсыз курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн курулушу токтотулду

Эсептөө палатасы: Ош шаарынын бюджетинде миллиарддаган мыйзам бузуулар ачыкталды

Кыргызстан Африка өлкөлөрү менен кызматташууну кеңейтүүнү көздөйт

Дүйнөлүк банктан айылдарды өнүктүрүүгө 20 млн доллар тартылат

Алдыда электр энергиясын экспортко чыгаруу пландалууда