Бостериде көлдөн 760 кг таштанды чыгарылды

Бостериде көлдөн 760 кг таштанды чыгарылды

Ысык-Көлдү таштандылардан жана балык уулоочу торлордон тазалоо иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, кезектеги рейд Бостери айылында жүргүзүлүп, көлдүн түбүнөн болжол менен 760 килограммга жакын тиричилик таштандылары чыгарылып, жээкке жеткирилди.

Ошондой эле чөгүп кеткен бир катамаран табылып, ал жээкке сүрүлүп чыгарылды.

Өзгөчө кырдаалдар минисстрлиги жарандарды жаратылышка аяр мамиле кылууга, Ысык-Көлдү булгабоого чакырат.

Мындан тышкары окуңуз

Ноокенде 90,6 млн сомго курулган жаңы мектеп окуучуларды кабыл алат

Ноокенде 90,6 млн сомго курулган жаңы мектеп окуучуларды кабыл алат

Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Кыргызстан айылында 150 орундуу мектептин курулушу толугу менен аяктады. Билим берүү мекемеси жаңы окуу жылында пайдаланууга берилет. Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, мектептин курулушу 2024-жылы июлда башталган. Долбоордун жалпы наркы 90,6 миллион сомду түзүп, республикалык казынадан каржыланган. Жалпы аянты 1 281 чарчы

Форель жана осман балыгын белгиленген өлчөмдө гана кармоого уруксат берилет

Форель жана осман балыгын белгиленген өлчөмдө гана кармоого уруксат берилет

Кыргызстанда 2026-жылга дарыяларда айрым балык түрлөрүн спорттук жана ышкыбоздук максатта кармоого лимит белгиленди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Балык өнөр жай комплекси департаменти билдирди. Маалыматка ылайык, Ысык-Көл жилингирин (форель), Амударыя жилингирин (форель) жана дарыя османын белгиленген лимиттин чегинде гана кармоого

Манас шаарындагы №5 мектеп кеңейтилип, окуучулар үчүн шарттар түзүлүүдө

Манас шаарындагы №5 мектеп кеңейтилип, окуучулар үчүн шарттар түзүлүүдө

Манас шаарындагы Б.Осмонов атындагы №5 мектептин жаңы кошумча имаратынын курулушу дээрлик аяктап калды. Бул тууралуу калаа жетекчилигинин басма сөз кызматы билдирди. Жаңы корпус 375 окуучуга ылайыкталып, имаратта окуу жана эмгек класстары, компьютердик класс, лабораториялар, химия, биология жана физика кабинеттеринен тышкары ашкана, китепкана, спорт аянтчасы жана жыйындар залы болот. Долбоор

Бишкектеги жаңы автобекет ушул айда пайдаланууга берилет

Бишкектеги жаңы автобекет ушул айда пайдаланууга берилет

Бишкектеги жаңы автобекет сентябрь айында пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Президенттин Иш башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, кечээ Президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев автобекеттин курулуш иштеринин жүрүшү жана объекттин даярдыгы менен таанышты. Учурда курулуш иштеринин 95%ы аткарылды. Ички жасалгалоо иштери толугу менен аяктап, асфальт төшөө жана аймакты көрктөндүрүү иштери калды.