Акылбек Жапаров жумуш сапары менен Абу-Дабиге келди

Акылбек Жапаров жумуш сапары менен Абу-Дабиге келди

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жумуш сапары менен Абу-Дабиге (Бириккен Араб Эмираттары) келди. Бул тууралуу өкмөт билдирди.

Жумуш сапарынын алкагында Жапаров Соода жана өнүктүрүү боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун конференциясы (ЮНКТАД) тарабынан уюштурулган Дүйнөлүк инвестициялык форумдун 8-сессиясына катышат.

Акылбек Жапаров ошондой эле БАЭ жогорку даражалуу кызмат адамдары менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт, Абу-Дабидеги мамлекеттик корпорациялардын жана алдыңкы компаниялардын жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, анда эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары арттыруу маселелери талкууланат.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Жапония кен байлыктарды изилдөө жаатында кызматташат

Кыргызстан менен Жапония кен байлыктарды изилдөө жаатында кызматташат

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев Жапониянын JOGMEC мамлекеттик корпорациясынын төрагасы Шинжи Тарутоко жана Жапон-Кыргыз экономикалык кызматташтык ассоциациясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Министрлик билдиргендей, жолугушууда Кыргызстандын минералдык-сырьёлук ресурстары жана эки тараптуу кызматташуунун келечеги талкууланды. Акыл Токтобаев өлкөнүн кен байлыктарын изилдөө жана пайдалануу жаатында жапон уюмдары жана

9 млн долларга алма концентратын өндүрүүчү завод курулууда

9 млн долларга алма концентратын өндүрүүчү завод курулууда

Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев Ала-Бука районунун Т.Балтагулов айыл аймагында курулуп жаткан “GLOBAL ECO GREEN” компаниясынын алма концентратын өндүрүүчү заводдун курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу аталган аймактын өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка караганда, жеке ишкер тарабынан ишке ашырылып жаткан долбоордун жалпы инвестициялык көлөмү 9

Кара-Сууда 12 айылды камтыган таза суу тутуму ишке берилди

Кара-Сууда 12 айылды камтыган таза суу тутуму ишке берилди

18-июнда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кара-Суу районундагы «Отуз-Адыр» чакан долбоорунун негизинде ичүүчү суу менен камсыздоо тутумун пайдаланууга берүү аземине катышты. Долбоор Отуз-Адыр жана Савай-Арык айыл аймактарындагы 12 калктуу конушту камтып, жалпы 30 миңге жакын тургунду сапаттуу

Трансформатор оңдоочу ишкана текшерилип, айып пул салынды

Трансформатор оңдоочу ишкана текшерилип, айып пул салынды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Нарын региондук башкармалыгы тарабынан аймактагы курулуш объектилерине туруктуу көзөмөл жүргүзүлүүдө. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматына ылайык, көзөмөлдөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кочкор айылындагы трансформатор оңдоочу цехтин курулушунда мыйзам бузуу фактылары катталды. Тактап айтканда,