9 млн долларга алма концентратын өндүрүүчү завод курулууда

9 млн долларга алма концентратын өндүрүүчү завод курулууда

Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев Ала-Бука районунун Т.Балтагулов айыл аймагында курулуп жаткан “GLOBAL ECO GREEN” компаниясынын алма концентратын өндүрүүчү заводдун курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу аталган аймактын өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, жеке ишкер тарабынан ишке ашырылып жаткан долбоордун жалпы инвестициялык көлөмү 9 миллион долларды түзөт. Завод үч гектар аянтка жайгашып, курулуш иштери аяктагандан кийин 200гө жакын жергиликтүү тургун туруктуу жумуш орундары менен камсыз болот.

Өндүрүш ишканасы суткасына 500 тоннага чейин алманы кайра иштетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, Аксы, Ала-Бука жана Чаткал райондорунда өндүрүлгөн алма түшүмүн кабыл алып, кайра иштетет. Даяр продукцияны жакынкы мамлекеттерге жана Европа өлкөлөрүнө экспорттоо пландалууда. Заводдун ачылышы ушул жылдын август айына белгиленген.

Тилек Текебаев долбоордун аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү маанисине токтолуп, каралбай келген алма түшүмүн кайра иштетүү багытындагы эң керектүү курулуш экенин айтты. Ошондой эле, ишкерлерди колдоо багытында мамлекеттик органдар тарабынан ар тараптуу көмөк көрсөтүлөрүн билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунда 28 тоннель казылууда

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунда 28 тоннель казылууда

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун өлкө аймагындагы бардык тилкесинде жумуштар кызуу жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынан билдирди. Билдирүүгө караганда, жаңы курула турган 29 тоннелдин 28инде курулуш иштери жүрүп жатат, ал эми бир тоннель толугу менен казылып бүттү. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу

Ишкер Media
4 облуста таштанды төгүүчү жайлар дрондун жардамы менен көзөмөлдөнөт

4 облуста таштанды төгүүчү жайлар дрондун жардамы менен көзөмөлдөнөт

Жаратылыш ресурстары министрлиги тарабынан Бишкек шаарынын Экологиялык прокуратурасы менен биргеликте Нарын, Талас, Чүй жана Ысык-Көл облустарында таштанды төгүүчү жайлардын абалына көзөмөлдү күчөтүү пландалууда. Министрликтин маалыматына караганда, бүгүн тийиштүү мекемелердин өкүлдөрү катышкан видеоконференция форматындагы жолугушуу орун алды. Анда катуу тиричилик калдыктарынын стихиялуу түрдө төгүлүшү, алардын үзгүлтүксүз тутанышы жана түтөп күйүшү,

Ишкер Media
Бишкекте жаңы заманбап аялдамалар орнотулууда

Бишкекте жаңы заманбап аялдамалар орнотулууда

Борбор калаада коомдук транспорттун инфраструктурасын өнүктүрүү уланууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан маалымдашты. Билдирүүгө караганда, "Санариптик технологиялар борбору" ишканасы "Акылдуу аялдама" долбоорунун алкагында шаардагы аялдамаларга 15 интерактивдүү маалыматтык панель орнотту. Орнотуу иштери уланууда. Мындан тышкары, AUGUL компаниясы менен биргеликте Айни көчөсү – Чыңгыз Айтматов кең көчөсү аялдамасына автобус

Ишкер Media
Бишкекте балдардын укуктарын коргоо маселелери боюнча жыйын өттү

Бишкекте балдардын укуктарын коргоо маселелери боюнча жыйын өттү

КРнын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Аида Исатбек кызынын жетекчилиги астында балдардын укуктарынын сакталышы боюнча маселелерди кароо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын жыйыны өттү. Бул тууралуу министрликтен билдирди. Жыйынга Чүй облусунун прокуратурасынын, Агартуу министрлигинин, Саламаттык сактоо министрлигинин жана Министрлер Кабинетинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын өкүлдөрү катышты.

Ишкер Media