Кара-Сууда 12 айылды камтыган таза суу тутуму ишке берилди

Кара-Сууда 12 айылды камтыган таза суу тутуму ишке берилди

18-июнда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кара-Суу районундагы "Отуз-Адыр" чакан долбоорунун негизинде ичүүчү суу менен камсыздоо тутумун пайдаланууга берүү аземине катышты.

Долбоор Отуз-Адыр жана Савай-Арык айыл аймактарындагы 12 калктуу конушту камтып, жалпы 30 миңге жакын тургунду сапаттуу ичүүчү суу менен камсыздоого багытталган. Анын негизинде Октябрь айылында көлөмү 300 куб метр болгон суу сактагыч курулду. Ошондой эле 11,4 чакырым суу түтүктөрү тартылып, объекттин санитардык-коргоо аймагы тосулду.

Суу ресурстары айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков калкты сапаттуу суу менен камсыз кылуу мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты экенин белгилеп, долбоор аймактагы жашоо шартын жакшыртууга жана инфраструктуранын ишенимдүүлүгүн арттырууга өбөлгө түзөрүн айтты.

"Асилия" балдар бакчасынын директору Гүлкан Жунусова долбоордун натыйжасында билим берүү мекемесиндеги шарттар кыйла жакшырганын белгиледи.

Анын айтымында, 205 бала тарбияланган бакчада буга чейин таза суу менен камсыздоодо көйгөйлөр болуп келген. Учурда имараттын эки кабатындагы бардык санитардык түйүндөргө таза суу киргизилип, балдар үчүн даараткана, кол жуучу жана идиш жууй турган жайлар жаңыланды.

Кара-Дөбө айылынын тургуну Токтокан Исмайылованын айтымында, айыл тургундары да көп жылдан бери таза суу маселесинен кыйналып келген.

"Акчалуулар үйүнө сууну өз алдынча ар жерден улап киргизип алышкан. Ал эми кээ бирлери кудук колдонушат. Көпчүлүк эл болсо тамдарына эски түтүктөрдөн суу алып кирген. Бирок бирде жарылып кетип, бирде суу келбей, үзгүлтүккө учурап турган. Ошондуктан бул долбоор биздин айыл үчүн абдан маанилүү. Эми ар бир үй-бүлөгө таза суу жетет деп күтүп жатабыз", — деди ал.

Ал эми М.Жаманкулов атындагы жалпы билим берүү мектебинин уюштуруучу завучу Тамара Эргешованын айтымында, долбоордун алкагында мектепте окуучулар үчүн заманбап кол жуучу жайлар орнотулуп, санитардык-гигиеналык шарттар жакшыртылган.

"Мурда мектептин ичинде таза суу жок болчу. Азыр окуучулар үчүн жакшы шарттар түзүлдү. Мындан тышкары санитардык-гигиена боюнча атайын семинарлар өткөрүлдү", — деди ал.

Белгилей кетсек, жалпы наркы 541,7 млн сомду түзгөн таза суу долбоору Министрлер кабинети, Дүйнөлүк банк, ошондой эле АРИСтин колдоосу менен ишке ашырылды.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте коомдук транспорт үчүн бөлүнгөн тилкелердин иштөө режими өзгөрөт

Бишкекте коомдук транспорт үчүн бөлүнгөн тилкелердин иштөө режими өзгөрөт

Бишкекте жеке автоунааларга коомдук транспорт үчүн бөлүнгөн тилкелер менен график боюнча жана дем алыш күндөрү жүрүүгө уруксат берилет. Тиешелүү чечим мэрдин орун басары Рамиз Алиев төрагалык кылган Жолдор боюнча штабдын жыйынында кабыл алынды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти. Жаңы тартипке ылайык, иш күндөрү саат 08:00дөн 20:00гө

Кыргызстанда калктын финансылык сабаттуулугу 4 пайызга өстү

Кыргызстанда калктын финансылык сабаттуулугу 4 пайызга өстү

Улуттук банк өлкөнүн эресеге жеткен калкынын финансылык сабаттуулугу боюнча үчүнчү улуттук изилдөөнү аяктады. Жыйынтык мекеменин сайтына жарыяланды. 2025-жылдагы изилдөөнүн жыйынтыгына ылайык, калктын финансылык сабаттуулугунун жалпы көрсөткүчү 2021-жылга салыштырмалуу 4 пайызга өсүп, 20 баллдан 11,8 баллды түздү. Улуттук банк белгилегендей, бул көрсөткүч 2023-жылы Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү

Баткенде 164 млн сомдук мектеп курулду

Баткенде 164 млн сомдук мектеп курулду

Баткен районунун Жаңы-Жер айылында 500 орундуу жаңы мектеп курулду. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Долбоор Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан ишке ашырылып, каржылоо республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлүп, объекттин жалпы наркы 164 млн сомду түздү. Мектептин курулушу 2023-жылдын сентябрь айында башталган. Учурда жаңы

Мүрзөгө өз алдынча көмүүгө жана уруксатсыз эксгумация жасоого карата жаза киргизүү сунушталууда

Мүрзөгө өз алдынча көмүүгө жана уруксатсыз эксгумация жасоого карата жаза киргизүү сунушталууда

КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренесине өзгөртүү киргизүү сунушталып, мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Мындай сунуш Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан киргизилүүдө. Долбоорго ылайык, маркумдун сөөгүн мыйзамда белгиленген тартипте көмүү үчүн жер тилкеси берилбестен, көрүстөнгө же мүрзөнүн жанына өз алдынча көмүү, ошондой эле жабык көрүстөнгө көмүү үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигин киргизүү