ӨКМге россиялык Ми-8 МТВ үлгүсүндөгү тик учак алынды

ӨКМге россиялык Ми-8 МТВ үлгүсүндөгү тик учак алынды

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Россиядан Ми-8 МТВ үлгүсүндөгү тик учак алынды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык баракчасы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, эки өлкөнүн президенттери Садыр Жапаров менен Владимир Путиндин сүйлөшүүсүнүн натыйжасында болгон.

"Тик учак бардык аппараттары менен алынды. Лебедка, кычкылтек аппараты, медициналык модуль, өрт өчүрүүчү шайманы, жүргүнчү отургучтары, эки капталында кошумча май бактары, жаңыртылган күчтүүрөөк кыймылдаткыч коюлган", — деди Орунбеков.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Орусия ишкердик байланыштарды чыңдоону макулдашты

Кыргызстан менен Орусия ишкердик байланыштарды чыңдоону макулдашты

19-июнда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Орусиянын Экспорттук борборунун өкүлдөрү менен жолукту. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Жолугушууда ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, Кыргызстандын айыл чарба жана кайра иштетилген өндүрүмдөрүн тышкы базарга чыгаруу маселелерине көңүл бурулду. Мындан тышкары

Саркынды сууларды төккөн ишканага айып пул салынды

Саркынды сууларды төккөн ишканага айып пул салынды

Чүй облусунун Ысык-Ата районунда айлана-чөйрөгө саркынды сууларды төккөн мыйзам бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлигинен билдиришти. Маалыматка таянсак, Жаратылыш ресурстары министрлигине аталган райондогу Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан “Дачи в Норусе” коомдук бирикмесинин жана “Надежда” айыл чарба өндүрүштүк кооперативинин жамааттык кайрылуусунун негизинде Экологиялык жана техникалык

Бишкектеги сейил бак көрктөндүрүлөт

Бишкектеги сейил бак көрктөндүрүлөт

Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгынын Шаардык дизайн бөлүмүнүн адистери тарабынан шаардын батыш бөлүгүндө, Ю.Фучик көчөсүндөгү №54 орто мектептин жанында жайгашкан сейил бакты көрктөндүрүү боюнча эскиздик долбоор иштелип чыкты. Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, долбоорлоо жүргүзүлгөн аймактын жалпы аянты 1,3 га түзөт. Долбоордун негизги максаты - шаар тургундары жана

Эки акча алмаштыруучу жайга карата Улуттук банк чара колдонду

Эки акча алмаштыруучу жайга карата Улуттук банк чара колдонду

КРнын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Улуттук банк 2 акча алмаштыруу бюросун жоопко тартты. Улуттук банктын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, алардын бири Бишкек шаарында жайгашкан жана тийиштүү мыйзам бузуулары үчүн анын лицензиясынын аракети убактылуу токтотулду. Ал эми мыйзам бузган экинчи акча алмаштыруучу