Эки акча алмаштыруучу жайга карата Улуттук банк чара колдонду

Эки акча алмаштыруучу жайга карата Улуттук банк чара колдонду

КРнын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Улуттук банк 2 акча алмаштыруу бюросун жоопко тартты.

Улуттук банктын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, алардын бири Бишкек шаарында жайгашкан жана тийиштүү мыйзам бузуулары үчүн анын лицензиясынын аракети убактылуу токтотулду.

Ал эми мыйзам бузган экинчи акча алмаштыруучу жай Жалал-Абад областында жайгашкан жана ага карата Улуттук банк 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салды.

Улуттук банктын маалыматы боюнча, 2026-жылдын 18-июнуна карата өлкөдө лицензиянын негизинде иш алып барган 891 алмашуу бюросу бар. Чет өлкө валютасын сатып алуу жана сатуу боюнча операцияларды жүргүзүүгө ушул расмий лицензияланган алмашуу бюролору гана укуктуу.


Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Банктар

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкекте уруксатсыз курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн курулушу токтотулду

Эсептөө палатасы: Ош шаарынын бюджетинде миллиарддаган мыйзам бузуулар ачыкталды

Кыргызстан Африка өлкөлөрү менен кызматташууну кеңейтүүнү көздөйт

Дүйнөлүк банктан айылдарды өнүктүрүүгө 20 млн доллар тартылат

Алдыда электр энергиясын экспортко чыгаруу пландалууда