Бишкектеги сейил бак көрктөндүрүлөт

Бишкектеги сейил бак көрктөндүрүлөт

Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгынын Шаардык дизайн бөлүмүнүн адистери тарабынан шаардын батыш бөлүгүндө, Ю.Фучик көчөсүндөгү №54 орто мектептин жанында жайгашкан сейил бакты көрктөндүрүү боюнча эскиздик долбоор иштелип чыкты.

Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, долбоорлоо жүргүзүлгөн аймактын жалпы аянты 1,3 га түзөт. Долбоордун негизги максаты - шаар тургундары жана коноктору үчүн заманбап, коопсуз, функционалдык жана эстетикалык жактан жагымдуу коомдук эс алуу мейкиндигин түзүү, ошондой эле аймактын архитектуралык-ландшафттык сапатын жогорулатуу.

Сейил бактын аймагы төмөнкү функционалдык жайларга бөлүнгөн:

эс алуу жайы (отургучтар, көлөкө чатырлар);

балдар ойноочу аянтча;

воркаут (спорттук) жайы;

амфитеатр;

жөө жүрүү жана велосипед жолдору;

унаа токтотуучу аймак.

Аймакта учурдагы бак-дарактардын негизги бөлүгү сакталып калат. Кошумча түрдө жергиликтүү климатка ылайык келген жаңы бак-дарактардын жана декоративдик өсүмдүктөрдүн көчөттөрү отургузулат. Жашылдандыруу аянты 5 064 м² түзөт.

Сейил бакта эки түрдүү жарыктандыруу шаймандары, эки типтеги отургучтар, таштанды урналары жана көлөкө берүүчү конструкциялар каралган. Бардык элементтер бирдиктүү архитектуралык стилде жайгаштырылды.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто мал базарларда ветеринардык талаптар текшерилди

Ошто мал базарларда ветеринардык талаптар текшерилди

Ош облусундагы мал базарларда 17–24-август күндөрү ветеринардык көзөмөл жүргүзүлүп, жарандарга санитардык эрежелерди сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын аймактык башкармалыгынын маалыматына ылайык, мониторингдин жүрүшүндө сатууга алып келинген малдардын ветеринардык коштомо документтери жана эн тамгалары текшерилди.

Сапаттуу билим алуу DemirBank менен мүмкүн – 0% пайыздык окуу насыясы

Сапаттуу билим алуу DemirBank менен мүмкүн – 0% пайыздык окуу насыясы

Жакшы билим – баланын келечегине жасалган маанилүү инвестициялардын бири. Бирок, бир окуу жылына төлөмдү бир учурда төлөө зарылчылыгы үй-бүлө үчүн олуттуу каржылык жүк болушу мүмкүн. DemirBank бир жолку төлөмдүн зарылчылыгынан улам тандалган билимди кийинкиге калтырууга жол бербеген чечимди сунуштайт. DemirBankтын окуу насыясы жылдык 0% жана комиссиясыз берилет. Анын жардамы менен

Кемин – Шабдан – Көк-Ойрок жолуна асфальт төшөлүүдө

Кемин – Шабдан – Көк-Ойрок жолуна асфальт төшөлүүдө

Чүй облусундагы Кемин – Шабдан – Көк-Ойрок автомобиль жолунда эки тараптуу асфальт төшөө иштери жүрүп жатат. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын айтымында, 2026-жылга карата титулдук тизмеге ылайык, аталган жолдун 5 чакырым тилкесин асфальттоо каралган. Учурда №32 Жол эксплуатациялоо мекемеси тарабынан жол куруу иштери кызуу темпте жүргүзүлүүдө. Ишке 30га жакын

Бишкекте 285 жумуш орду түзүлө турган үч ишкана ачылат

Бишкекте 285 жумуш орду түзүлө турган үч ишкана ачылат

Бишкекте "100 өнөр жай ишканасы — 2026" программасынын алкагында жаңы өндүрүш объектилерин ишке киргизүүгө даярдык жүрүүдө. Алардын даярдыгын 25-августта шаар мэри Айбек Жунушалиев текшерди. "КыргызТрансформатор" ЖЧКсында күч трансформаторлорун чыгаруу пландалууда. Учурда курулуш-монтаждоо иштери аяктап, жабдуулар орнотулду. Ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 1 миң трансформаторду түзүп, 50гө