Депутаттык топ Улуу Британиянын парламентинин ишмердүүлүгү менен таанышты

Депутаттык топ Улуу Британиянын парламентинин ишмердүүлүгү менен таанышты

Депутаттык топ Улуу Британиянын парламентинин ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу ЖК билдирди.

Такталгандай, Улуу Британияга төраганын орун басары Нурланбек Азыгалиев баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары Чолпон Султанбекова, Марлен Маматалиев, Дастан Бекешев, Гүлшаркан Култаева, Дастанбек Жумабеков, Эльвира Сурабалдиева, парламенттин Аппарат жетекчиси Шабданбек Алишев барган.

Андан соң Лорддор палатасынын спикеринин орун басары Лорд МакНиколл, Жамааттар палатасынын депутаты Даниель Качински, Лорддор палатасынын мүчөсү баронесса Элисон Мэри Сутти менен жолугушуп, парламенттер аралык байланышты кеңейтүү, мыйзам чыгаруу жана анын аткарылышын көзөмөлдөө жаатында тажрыйба алмашуу маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле парламенттер аралык байланыштарды арттыруу менен эки тараптуу өнөктөштүктү өрчүтүү керектигин айткан Нурланбек Азыгалиев парламенттик монархиялык башкаруу формасына ээ Улуу Британия мамлекети бул багытта чоң тажрыйбага ээ экенин кошумчалады.

Өз кезегинде Лорддор палатасынын спикеринин орун басары Лорд МакНиколл Кыргызстан Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен демократиялык багытта чоң жетишкендиктерге ээ өлкө экенин белгилеп, байланыштарды өнүктүрүүгө тиешелүү кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттары тууралуу сөз кылды.

Мындан тышкары жолугушууда депутаттардын этикалык кодексин иштеп чыгуудагы тажрыйбалар талкууланып, кеңири сүйлөшүүлөр жүрдү.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда 39 миңге жакын жаңы жумуш орундары ачылды

Кыргызстанда 39 миңге жакын жаңы жумуш орундары ачылды

Кыргызстанда 2026-жылдын биринчи чейрегинде 38 891 жаңы жумуш орду түзүлдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматтарында белгиленген. Билдирүүгө караганда, жаңы түзүлгөн жумуш орундардын 33 318 туруктуу, 1 698 сезондук жана 3 875 убактылуу жумуш орундарын түздү. Ошол эле учурда өлкө боюнча 1 574 жумуш орду жоюлган. Аймактар арасында эң

Ысык-Көлдөгү эл аралык жарышка 5 млн доллар сарпталат

Ысык-Көлдөгү эл аралык жарышка 5 млн доллар сарпталат

Ысык-Көлдө өтө турган UIM F1H2O дүйнөлүк чемпионатын уюштурууга болжол менен 5 млн АКШ доллары бөлүнөт. Туризмди өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин директору Эдуард Кубатов бул каражат мамлекеттик бюджеттен эмес, Суу-мотор спорту федерациясы жана эл аралык спорттук өнөктөштөр тарабынан каржыланарын билдирди. Анын айтымында, өкмөттүн чыгымдары негизинен инфраструктураны жакшыртууга багытталат: жолдорду куруу,

Бишкек шаарындагы Кыргыз көчөсү оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт

Бишкек шаарындагы Кыргыз көчөсү оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев көчмө жыйындын алкагында Саадаев көчөсүнөн Түндүк айланма жолуна чейинки тилкедеги Кыргыз көчөсүн оңдоп-түзөөбоюнча даярдык иштери менен таанышты. Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматына таянсак, долбоорго ылайык, узундугу 4,1 чакырымды түзгөн жол тилкеси оңдолуп, өтүүчү бөлүгү төрт тилкеге чейин кеңейтилет. Жолдун туурасы 16

Ысык-Көлдө экологиялык талаптарды бузгандарга айып пул салынды

Ысык-Көлдө экологиялык талаптарды бузгандарга айып пул салынды

Ысык-Көлдө экологиялык рейд өтүп, мыйзам бузгандар жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, рейддин жүрүшүндө экологиялык мыйзамдардын талаптарын бузган бир катар фактылар аныкталды. Анын негизинде укук бузуу жөнүндө 8 административдик протокол түзүлүп, жалпысынан 111 миң 500 сом айып пул салынды. Курчап турган чөйрөнү коргоо,