Ысык-Көлдөгү эл аралык жарышка 5 млн доллар сарпталат

Ысык-Көлдөгү эл аралык жарышка 5 млн доллар сарпталат

Ысык-Көлдө өтө турган UIM F1H2O дүйнөлүк чемпионатын уюштурууга болжол менен 5 млн АКШ доллары бөлүнөт. Туризмди өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин директору Эдуард Кубатов бул каражат мамлекеттик бюджеттен эмес, Суу-мотор спорту федерациясы жана эл аралык спорттук өнөктөштөр тарабынан каржыланарын билдирди.

Анын айтымында, өкмөттүн чыгымдары негизинен инфраструктураны жакшыртууга багытталат: жолдорду куруу, жарыктандыруу, автоунаа токтотмолору, жээк аймагын жана сейил бактарды өнүктүрүү иштерине жумшалат.

Чемпионат 31-июлдан 2-августка чейин Ысык-Көлдүн жээгинде өтөт. Бул Борбор Азияда биринчи жолу уюштурулуп жаткан UIM F1H2O этабы болуп саналат. Уюштуруучулар эл аралык командалардын жана ондогон пилоттордун катышуусун күтүшүүдө. Жарыш дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнө түз эфирде көрсөтүлөрү айтылууда.

Иш-чара коомчулукта кызуу талкуу жаратып, айрым экологдор көлдүн экосистемасына тийгизиши мүмкүн болгон терс таасирлер боюнча тынчсыздануусун билдиришкен. Алар Ысык-Көлдүн биосфералык аймак макамын эске алуу зарылдыгын белгилешүүдө.

Өз кезегинде уюштуруучулар жана мамлекеттик органдар экологиялык экспертизалар жүргүзүлгөнүн, жарыш көлгө олуттуу зыян келтирбейт деген корутунду алынганын билдиришти. Ошондой эле күйүүчү май же май төгүлүп кетсе, анын кесепеттерин тез арада жоюу боюнча атайын регламент каралганын айтышты.

Бул тема боюнча талкуулар парламентте да көтөрүлүп, бийлик өкүлдөрү бардык экологиялык талаптар сакталарын айтышкан. Ошол эле учурда Ички иштер министрлиги чемпионат тууралуу жалган же бурмаланган маалыматтарды таратуудан алыс болууга чакырды.

Мындан тышкары окуңуз

Ат-Башыдагы чек ара бөлүмүнө 33 чакырым электр чубалгысы тартылды

Ат-Башыдагы чек ара бөлүмүнө 33 чакырым электр чубалгысы тартылды

Ат-Башы районунун Ак-Сай өрөөнүндөгү мурда жарыксыз иштеп келген "Көк-Айгыр" чек ара бөлүмүнө электр энергиясы жеткирилди. Бул тууралуу президенттин Нарындагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. Маалыматка ылайык, долбоордун алкагында "Торугарт" көмөкчү чордонунан 33 чакырым электр чубалгысы тартылып, 160 кВА кубаттуулуктагы 2 трансформатор жана 500дөн ашык электр мамысы

Ишкер Media
Кербен шаарын айланып өтүүчү 9 километр автожол курулууда

Кербен шаарын айланып өтүүчү 9 километр автожол курулууда

Аксы районундагы Кербен шаарын айланып өтүүчү жолдун курулушу уланууда. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, жалпы узундугу 9 чакырымды түзгөн автожолго эки катмар асфальт төшөлөт. Учурда жолдун 6 километрине биринчи катмар асфальт төшөлдү. Курулушка 8 атайын техника жана 20га жакын кызматкер тартылган. Белгилей кетсек, буга чейин бул аймак эгин талаасы

Ишкер Media
Аймактарда толук күн иштей турган 9 бала бакча уюштуруу пландалууда

Аймактарда толук күн иштей турган 9 бала бакча уюштуруу пландалууда

Кыргызстандын аймактарында толук күндүк режимде иштей турган тогуз бала бакча уюштуруу пландалууда. Учурда алар үчүн ылайыктуу жайларды тандоо маселеси каралып жатат. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, 20-октябрда министрликте ведомстволор аралык жумушчу топтун жыйыны өтүп, тогуз бала бакча үчүн жайларды тандоо жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарындагы 128

Ишкер Media
Анимация жана улуттук балдар контентин өнүктүрүү. МинКаб кинематография менен кеңеш өткөрдү

Анимация жана улуттук балдар контентин өнүктүрүү. МинКаб кинематография менен кеңеш өткөрдү

Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов Кыргыз Республикасынын Улуттук кинематография кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрдү. Жыйынга мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, профилдик мекемелердин жетекчилери жана ата мекендик киноиндустриянын ишмерлери катышты. Жыйындын жүрүшүндө 2026-жылдын 9 айында кинематография тармагындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун жыйынтыктары чыгарылып, Кеңештин мурунку жыйынынын чечимдеринин аткарылышынын жүрүшү

Ишкер Media