Кыргызстанда 39 миңге жакын жаңы жумуш орундары ачылды

Кыргызстанда 39 миңге жакын жаңы жумуш орундары ачылды

Кыргызстанда 2026-жылдын биринчи чейрегинде 38 891 жаңы жумуш орду түзүлдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматтарында белгиленген.

Билдирүүгө караганда, жаңы түзүлгөн жумуш орундардын 33 318 туруктуу, 1 698 сезондук жана 3 875 убактылуу жумуш орундарын түздү. Ошол эле учурда өлкө боюнча 1 574 жумуш орду жоюлган.

Аймактар арасында эң көп жаңы жумуш орду Бишкек шаарында түзүлгөн. Борбор калаада 2026-жылдын үч айында 11 771 жаңы жумуш орду пайда болуп, алардын 10 975 туруктуу жумуш орундарын түзгөн.

Жаңы жумуш орундарын түзүү боюнча экинчи орунду Баткен облусу ээледи. Облуста биринчи чейректе 5 828 жумуш орду ачылган. Анын ичинен 2 613 туруктуу жумуш орундарын түзсө, калган бөлүгү сезондук жана убактылуу иштерге байланыштуу болгон.

Аймактар

Жаны орундар

Туруктуу жумуш

Сезондук

убактылуу

жоюлган жумуш

КР боюнча

38 891

33 318

1 698

3 875

1 574

Бишкек ш.

11 771

10 975

663

133

312

Баткен обл.

5 828

2 613

892

2 323

422

Ош обл.

5 113

4 955

35

123

8

Жалал-Абад

4 426

4 057

6

363

31

Чүй обл.

3 566

3 529

0

37

22

Ош шаары

3 145

2 813

94

238

289

Ысык-Көл

2 352

1 910

0

442

487

Талас обл.

1 520

1 366

0

154

0

Нарын обл.

1 170

1 100

8

62

3

2026-жылдын 1- чейректин жыйынтыгы - өлкөдө жаңы жумуш орундардын көбөйүшү экономикалык активдүүлүктүн жогорулап жатканын көрсөтүп жатат. Айрыкча борбор калаада жана аймактарда ишкердиктин өнүгүшү, инвестициялык долбоорлордун ишке ашырылышы жана кызмат көрсөтүү секторунун кеңейиши эмгек рыногундагы оң динамикага өбөлгө түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Ала-Бука районунда 26 чакырымдан ашык жол асфальтталды

Ала-Бука районунда 26 чакырымдан ашык жол асфальтталды

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда Ала-Бука - Караван жана Ала-Бука - Касансай автожолдорунун жалпы 26 чакырымдан ашык бөлүгүнө асфальт төшөлдү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, Ала-Бука - Караван автожолунун 14 чакырымына асфальт төшөө иштери толук аяктап, жол чийиндери чийилди. Учурда жол белгилерин орнотуу иштери жүрүүдө.

Ишкер Media
"Тазалык" Бишкектиктерге таштандыны чыгаруу боюнча кайрылды

"Тазалык" Бишкектиктерге таштандыны чыгаруу боюнча кайрылды

"Тазалык" ишканасы шаар тургундарына таштандыларды саат 19:00дөн кийин чыгарууну сунуштайт. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынан билдиришти. Бул чара таштанды чыгаруу иштерин оптималдаштырып, жол тыгындарын азайтууга багытталган. Ишканадан билдиришкендей, унаа кыймылы азайган кечки убакта таштанды ташуучу техникалар натыйжалуу иштейт. Мэрия тургундарды сунушту эске алып, коммуналдык кызматтардын ишине көмөк

Ишкер Media
Кыргызстанда кескин суукка байланыштуу электр энергиясын керектөө кыйла өстү

Кыргызстанда кескин суукка байланыштуу электр энергиясын керектөө кыйла өстү

"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААК өлкөдө күндүн кескин сууктаганына байланыштуу электр энергиясын керектөө кыйла өскөнүн билдирди. Мекеме белгилегендей, бүгүн Кыргызстандын энергосистемасында электр энергиясын суткалык керектөө 64 млн 318 миң кВт саатка жетти. Бул — күз мезгилинде катталган эң жогорку көрсөткүч. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул эле күнүнө салыштырмалуу 16

Ишкер Media
Бишкекте бир жумада 77 мыйзамсыз объект алынды

Бишкекте бир жумада 77 мыйзамсыз объект алынды

Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы мыйзамсыз объекттерди алуу тууралуу президенттин Жарлыгын аткаруу иштерин улантууда. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди. Маалым болгондой, 19-23-октябрь күндөрү шаар аймагында жеңил типтеги 44 объект жана 33 капиталдык курулуш демонтаждалды. Натыйжада 7 664 чарчы метр муниципалдык жер бошотулду. Иштер мажбурлоо жана ыктыярдуу түрдө жүргүзүлдү.

Ишкер Media