Президент Азербайжанга келди – делегациянын курамы

Президент Азербайжанга келди – делегациянын курамы

Президент Садыр Жапаров 23-ноябрда, БУУнун Борбор Азиянын экономикалары үчүн Атайын программасынын (СПЕКА) мамлекет башчыларынын саммитине катышуу үчүн Азербайжанга иш сапары менен келди. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди.

Кыргызстандын расмий делегациясынын курамындагылар:

·         тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

·         президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

·         Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси Кайрат Осмоналиев;

·         Кыргызстандын Швейцариядагы элчиси Омар Султанов;

·         экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев.

Мындан тышкары окуңуз

АКШ Иран мунайын иштеткен Кытай компанияларына эскертүү берди

АКШ Иран мунайын иштеткен Кытай компанияларына эскертүү берди

АКШнын Финансы министрлиги Кытайда жайгашкан көз карандысыз мунай иштетүүчү заводдор, асыресе Шаньдун провинциясындагы ишканалар Ирандын чийки мунайын импорттоодогу ролу үчүн санкцияларга кабылышы ыктымалдыгын эскертти. Министрликтин маалыматына караганда, Кытай Ирандын мунай экспортунун дээрлик 90%ын алат. Анын басымдуусу ошол чакан заводдор тарабынан кайра иштетилип, Тегерандын кирешесине салым кошот. “Ошол киреше акыр-аягында

Аксыда селдин кесепетинен жабылган жолдун бир тарабы ачылды

Аксыда селдин кесепетинен жабылган жолдун бир тарабы ачылды

Аксы районундагы Кара-Жыгач — Кара-Суу унаа жолунун бир тарабы ачылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Түндөгү катуу жааган жаандан улам сел жолду толук бөгөп калган. Жолдун 9 жерин чоң сел алган. Таңдан бери жеринде "Кыргызавтожол-Түштүк" МИнин Nº12 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери иштеп, жамгырдан кийинки табигый кырсыктарды жоюу

Жалал-Абадда 126 миң адам таза суу менен камсыздалат

Жалал-Абадда 126 миң адам таза суу менен камсыздалат

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Э.А. Акунбеков Корея Республикасына болгон иш сапарынын алкагында SAMAN компаниясы жана Korea Environmental Industry & Technology Institute (KEITI) өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Министрликтин маалыматына ылайык, жолугушууда Кыргызстанда калкты таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу маселеси талкууланып, анын актуалдуулугу белгиленди.

Депутат окуучулардын тамактануусун 50 сомго чейин көтөрүүнү сунуштады

Депутат окуучулардын тамактануусун 50 сомго чейин көтөрүүнү сунуштады

Махабат Мавлянова  Жогорку Кеңеш жыйынында Кыргызстанда мектеп тамактануусун каржылоону көбөйтүү жана тендерлерге жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн катышуусун камсыз кылуу зарылдыгын айтты. Анын айтымында, эл аралык уюмдардын маалыматына ылайык, өлкө калкынын 26%ы жакырчылыкта жашайт, ал эми 41%ы жетиштүү жана толук кандуу тамактанууга мүмкүнчүлүгү жок. Депутат учурда 4-класска чейин окуучулардын ысык тамагына