Садыр Жапаров Бириккен Араб Эмираттарына жөнөп кетти – делегациянын курамы
![Садыр Жапаров Бириккен Араб Эмираттарына жөнөп кетти – делегациянын курамы](/content/images/size/w1200/2023/11/617e5e99eb940_2021-10-31__10_15_06_HTqSYVh7N3ryov3G.jpg)
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-ноябрда, иш сапары менен Бириккен Араб Эмираттарына жөнөп кетти. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Такталгандай, расмий делегациясынын курамындагылар:
• тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
• президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
• Кыргызстандын БАЭдагы элчиси Абдилатиф Жумабаев;
• жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министри Мелис Тургунбаев;
• энергетика министри Таалайбек Ибраев;
• финансы министри Алмаз Бакетаев;
• экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев;
• Инвестициялар боюнча Улуттук агенттиктин директору Талантбек Иманов.