2026-жылдын 9 айында бюджеттин кирешеси 608,1 млрд сомду түздү

2026-жылдын 9 айында бюджеттин кирешеси 608,1 млрд сомду түздү

Ушул жылдын 9 айында республикалык бюджеттин кирешеси 608,1 млрд сомду түзүп, пландалган көрсөткүчтөн 22,7 млрд сомго же 103,9% аткарылды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди.

Төрага аппараттык кеңешме өткөрүп анда Мамлекеттик салык кызматы 259,8 млрд сом, Мамлекеттик бажы кызматы 139 млрд сом чогултканын айтты.

Өкмөт башчы андан тышкары Кыргызстанга чет элдик түз инвестициялардын агымы быйылкы жылдын биринчи жарым жылдыгында 709,9 миллион долларды түзүп, 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 26,2% өскөнүн кошумчалады. 

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Кадамжайда сүттү кайра иштетүү жана мөмө сактоо иштери күчөтүлүүдө

Кадамжайда сүттү кайра иштетүү жана мөмө сактоо иштери күчөтүлүүдө

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Рысгүл Акимжанова Кадамжай районунда болуп, бир катар объектилердин иши менен таанышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалым болгондой, иш сапарда Акимжанова "Рахат" фермердик чарбасына караштуу "Рахат Таң" сүт заводун көрүп чыкты. Завод

Ишкер Media
Жумушчу кулап, Бишкекте курулуш компаниясына айып салынды

Жумушчу кулап, Бишкекте курулуш компаниясына айып салынды

Бишкектин Юнусалиев көчөсүндөгү курулуш аянтында жумушчу иштеп жаткан убакта трос үзүлүп кеткендиктен, ал жогорку кабаттан 3-кабатка кулап түшкөн. Азыр жабырлануучу ооруканада. Окуя боюнча Курулуш министрлиги ыкчам текшерүү жүргүзүлүп, тиешелүү чаралар көрүлгөнүн маалымдады. Текшерүүнүн жүрүшүндө асма платформасына (люлька) ашыкча жүк жүктөлгөндүктөн, конструкцияга күч келип, 6-кабаттан үзүлүп, куруучу кулап кеткен.

Ишкер Media
Кыргызстанда мектептик тамактануу ар бир окуучуга 40 сомго чейин көтөрүлөт

Кыргызстанда мектептик тамактануу ар бир окуучуга 40 сомго чейин көтөрүлөт

Филиппиндин Манила шаарында 6-октябрда "Азия-Тынч океан аймагындагы социалдык коргоо жумалыгы - 2026" башталды. Аны Азия өнүктүрүү банкы уюштуруп, 8-октябрга чейин уланат. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди. Иш-чара "Кеңейтилген мүмкүнчүлүктөр, туруктуу келечек" темасында өтүп, анда социалдык коргоо, адамдык капитал жана азык-түлүк коопсуздугу талкууланууда.

Ишкер Media
Агартуу министрлиги жана Ислам өнүктүрүү банкы Smart-Ed долбоорун талкуулады

Агартуу министрлиги жана Ислам өнүктүрүү банкы Smart-Ed долбоорун талкуулады

Бүгүн Агартуу министрлигинде Ислам өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү менен жолугушуу өттү. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушууга министрдин орун басары Надира Джусупбекова, ИӨБдүн Алматыдагы аймактык хабынын жетекчиси Хаммад Зафар Хундал, ИӨБдүн Кыргызстандагы өкүлү Руслан Татиков жана долбоорду ишке ашыруу бөлүмүнүн директору Нурлан Атаканов катышты. Анда Smart-Ed долбоорунун

Ишкер Media