Кадамжайда сүттү кайра иштетүү жана мөмө сактоо иштери күчөтүлүүдө

Кадамжайда сүттү кайра иштетүү жана мөмө сактоо иштери күчөтүлүүдө

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Рысгүл Акимжанова Кадамжай районунда болуп, бир катар объектилердин иши менен таанышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, иш сапарда Акимжанова "Рахат" фермердик чарбасына караштуу "Рахат Таң" сүт заводун көрүп чыкты. Завод күнүнө 1 тоннага чейин сүт иштетип, сүт жана айран чыгарат. Ишкана тургундардан сүттү литрине 45 сомдон сатып алып, кайра иштет.

Ошондой эле министрдин орун басары Кадамжай шаардык мэриясынын соода-логистикалык борборунда болду. Сыйымдуулугу 350 тонна болгон борбордо учурда 30 тонна алма, 40 тонна малина жана еже-малина сакталууда.

Сапардын соңунда Рысгүл Акимжанова район акими Болоткан Баяке уулу менен органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү, логистикалык борборлорду көбөйтүү жана өнөр жай аймагын түзүү маселелерин талкуулады.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Ошто окуучулар үчүн акысыз автобустар ишке кирди

Ошто окуучулар үчүн акысыз автобустар ишке кирди

Ош шаарында мектептен алыс жашаган окуучулар үчүн алгачкы атайын балдар автобустары каттамга чыкты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Бүгүн шаар мэри Жанарбек Акаев окуучулар менен бирге автобуста жүрүп, анын шарттары менен таанышты. Мэрдин айтымында, автобуска 28 окуучу батат. Азырынча тестирлөө үчүн 2 автобус иштеп жатат. Жакынкы айларда дагы

Ишкер Media
2026-жылдын 9 айында бюджеттин кирешеси 608,1 млрд сомду түздү

2026-жылдын 9 айында бюджеттин кирешеси 608,1 млрд сомду түздү

Ушул жылдын 9 айында республикалык бюджеттин кирешеси 608,1 млрд сомду түзүп, пландалган көрсөткүчтөн 22,7 млрд сомго же 103,9% аткарылды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди. Төрага аппараттык кеңешме өткөрүп анда Мамлекеттик салык кызматы 259,8 млрд сом, Мамлекеттик бажы кызматы 139 млрд сом чогултканын айтты.

Ишкер Media
Жумушчу кулап, Бишкекте курулуш компаниясына айып салынды

Жумушчу кулап, Бишкекте курулуш компаниясына айып салынды

Бишкектин Юнусалиев көчөсүндөгү курулуш аянтында жумушчу иштеп жаткан убакта трос үзүлүп кеткендиктен, ал жогорку кабаттан 3-кабатка кулап түшкөн. Азыр жабырлануучу ооруканада. Окуя боюнча Курулуш министрлиги ыкчам текшерүү жүргүзүлүп, тиешелүү чаралар көрүлгөнүн маалымдады. Текшерүүнүн жүрүшүндө асма платформасына (люлька) ашыкча жүк жүктөлгөндүктөн, конструкцияга күч келип, 6-кабаттан үзүлүп, куруучу кулап кеткен.

Ишкер Media
Кыргызстанда мектептик тамактануу ар бир окуучуга 40 сомго чейин көтөрүлөт

Кыргызстанда мектептик тамактануу ар бир окуучуга 40 сомго чейин көтөрүлөт

Филиппиндин Манила шаарында 6-октябрда "Азия-Тынч океан аймагындагы социалдык коргоо жумалыгы - 2026" башталды. Аны Азия өнүктүрүү банкы уюштуруп, 8-октябрга чейин уланат. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди. Иш-чара "Кеңейтилген мүмкүнчүлүктөр, туруктуу келечек" темасында өтүп, анда социалдык коргоо, адамдык капитал жана азык-түлүк коопсуздугу талкууланууда.

Ишкер Media