Жумушчу кулап, Бишкекте курулуш компаниясына айып салынды
Бишкектин Юнусалиев көчөсүндөгү курулуш аянтында жумушчу иштеп жаткан убакта трос үзүлүп кеткендиктен, ал жогорку кабаттан 3-кабатка кулап түшкөн. Азыр жабырлануучу ооруканада.
Окуя боюнча Курулуш министрлиги ыкчам текшерүү жүргүзүлүп, тиешелүү чаралар көрүлгөнүн маалымдады. Текшерүүнүн жүрүшүндө асма платформасына (люлька) ашыкча жүк жүктөлгөндүктөн, конструкцияга күч келип, 6-кабаттан үзүлүп, куруучу кулап кеткен. Кырсыктын кесепетинен бир жумушчу жабыркап, тез жардам кызматы аркылуу ооруканага жеткирилди. Учурда анын абалы туруктуу деп бааланууда.
Жыйынтыгында, курулуш иштерин жүргүзүп жаткан курулуш компаниясына 200 000 сом айып пул салынды. Ошондой эле курулуш иштерин техникалык коопсуздук талаптарына жана курулуш ченемдерине ылайык жүргүзүү боюнча бир катар талаптар коюлуп, компанияга көрсөтмө берилди. Мындан тышкары объекттеги курулуш иштери убактылуу токтотулду.