Баткенде УКМКнын жаңы имаратын ачылды
Президент Садыр Жапаров Баткенде УКМКнын облус боюнча башкармалыгынын жаңы имаратын ачты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Мамлекет башчысы чек ара боюнча чечилбеген маселелер коңшу өлкөлөр менен жолго коюлуп келаткан дипломатиялык мамилелердин андан ары өнүгүшүнө кесепетин тийгизгенин белгиледи. Натыйжада 2021-2022-жылдары 3 жолу куралдуу кагылыш болуп, ондогон жай тургундар жана жоокерлер курман болушту.
Аягында мамлекет башчысы жаңы объекттин кызматтык жайларын карап чыгып, жаңыланган шарттарды көрүп, кызматкерлери менен баарлашты.