Бишкекте "Тазалык" ишканасына 92 миң сом айып пул салынды

Бишкекте "Тазалык" ишканасына 92 миң сом айып пул салынды

Бишкек шаарындагы "Тазалык" муниципалдык ишканасына экологиялык талаптарды бузгандыгы үчүн 92 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, ишкананын автоунааларын пландуу текшерүү учурунда алардан чыккан түтүндүн көлөмү белгиленген ченемден ашканы аныкталган.

Аталган мыйзам бузуулар боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык 4 протокол түзүлүп, жалпы 92 миң сом айып пул салынган.

Мындан тышкары, ишканага автоунааларды тез арада оңдоп, техникалык кароодон өткөрүү боюнча эскертме берилген.

Мындан тышкары окуңуз

Тоолуу ашууларда кар жаап, жолдорго кум-туз себилди

Тоолуу ашууларда кар жаап, жолдорго кум-туз себилди

Бүгүн таңга маал Бишкек - Ош унаа жолунун 125–139-чакырымдарында кар жаады. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдиришти. Маалымдалгандай, №9 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери жолго кум-туз аралашмасын себишти. Учурда кар токтоп, жол ачык жана унаалардын каттамы үзгүлтүксүз жүрүүдө. Ошондой эле Ош - Сары-Таш - Эркештам унаа жолундагы Талдык жана Тонмурун ашууларында

Ишкер Media
Караколдо коллекциялык тыйындардын көргөзмөсү өттү

Караколдо коллекциялык тыйындардын көргөзмөсү өттү

Каракол шаарында 28-октябрда "Дүйнөлүк каражат топтоо күнү – 2026" иш-чараларынын алкагында коллекциялык монеталардын нумизматикалык көргөзмөсү уюштурулду. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти. Маалымдалгандай, көргөзмө Улуттук банктын Ысык-Көл облустук башкармалыгы тарабынан өткөрүлүп, анда Улуттук банк чыгарган коллекциялык монеталар көрсөтүлдү. Иш-чаранын катышуучуларына улуттук валютанын калыптануу тарыхы, өнүгүү этаптары,

Ишкер Media
Ош шаарында 69,76 гектар жерге агроөнөр жай комплекси курулат

Ош шаарында 69,76 гектар жерге агроөнөр жай комплекси курулат

Ош шаарында 69,76 гектар жер тилкесине агроөнөр жай комплексин куруу пландалууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан маалымдашты. Билдирүүгө ылайык, долбоордун алкагында аймак 30 өзүнчө жер тилкесине бөлүнүп, фермерлерге жана ишкерлерге ижарага берилет. Анда эт-сүт багытындагы мал чарбачылыгы үчүн сарайлар жана азыктарды кайра иштетүүчү ишканалар курулат. Мындан тышкары, Ош шаарынын

Ишкер Media
Өлкөдө акыркы 9 айда 3624 жол кырсыгы катталды

Өлкөдө акыркы 9 айда 3624 жол кырсыгы катталды

2026-жылдын январь айынан сентябрь айына чейин Кыргызстанда 3 624 жол-транспорт кырсыгы катталган. Бул өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 1,4 эсеге аз. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет. Маалыматка ылайык, катталган жол кырсыктарынын эң көбү Бишкек шаарында катталган. "Борбор калаада жалпы кырсыктардын 27,4 пайызы катталган.

Ишкер Media