Өлкөдө акыркы 9 айда 3624 жол кырсыгы катталды
2026-жылдын январь айынан сентябрь айына чейин Кыргызстанда 3 624 жол-транспорт кырсыгы катталган. Бул өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 1,4 эсеге аз. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет. Маалыматка ылайык, катталган жол кырсыктарынын эң көбү Бишкек шаарында катталган.
"Борбор калаада жалпы кырсыктардын 27,4 пайызы катталган. Экинчи орунда 24,2 пайыз көрсөткүч менен Чүй облусу, үчүнчү орунда 14,8 пайыз менен Ош облусу турат. Ал эми тогуз айда жол кырсыктарынын кесепетинен 5 519 адам жабыркаган. Анда 572 адам каза болсо, калганы ар кандай жаракаттарды алышкан", - деп жазылат маалыматта.
Ал эми ушул эле тогуз айда балдардын катышуусунда 1015 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 88 бала каза болгон.
"Мындан тышкары, 2026-жылдын тогуз айында мас абалында унаа башкарган айдоочулардын катышуусунда 170 жол кырсыгы катталган. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,4 эсеге аз", - деп жазылат маалыматта.