Ошто мыйзамсыз курулуштарга айып салынды
Ош облусунда курулуш талаптарын бузган компанияга айып пул салынып, дагы бир объекттин курулушу убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.
Маалымдаогандай, Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ош региондук башкармалыгы Араван айылындагы Ош-3000 көчөсүндө курулуп жаткан үч кабаттуу медициналык борборду жана Алай районунун Гүлчө шаарындагы дүкөндүн курулушун текшерген.
Текшерүүнүн жыйынтыгында медициналык борбордо бекитилген долбоордо каралбаган кошумча курулуш иштери жүргүзүлгөнү аныкталган.
Натыйжада, курулушка жооптуу "Дельта-Лот" ЖЧКсына 200 миң сом айып пул салынып, мыйзам бузууларды жоюу боюнча милдеттүү көрсөтмө берилген.
Ал эми Гүлчө шаарындагы дүкөндүн курулушу тиешелүү уруксат берүүчү документтери толукталганга чейин убактылуу токтотулган.