Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 11.88 чакырымы макулдашылды

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 11.88 чакырымы макулдашылды

Тажикстандын Бустон шаарында 2023-жылдын 17-декабрынан 23-декабрына чейин кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстандын жана Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 11.88 чакырымы боюнча макулдашты.

Тараптар КРнын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда калган аймактарды сыпаттоо боюнча ишти улантат.

Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.

Мындан тышкары окуңуз

Акыйкатчы Анкарада кармалган кыргыз жараны боюнча расмий кат жолдоду

Акыйкатчы Анкарада кармалган кыргыз жараны боюнча расмий кат жолдоду

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Түркиянын башкы омбудсмени Мехмет Акаржага Анкара шаарында кармалган кыргыз жаранынын укуктарын коргоого көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен расмий кат жолдоду. Акыйкатчы институтунун маалыматына ылайык, 34 жаштагы кыргыз жараны 26-майда Анкарадагы “Эсенбога” эл аралык аэропортунда кармалган. Ал Бишкек – Анкара – Түндүк Кипр каттамы менен жубайы жана үч баласы менен

Чүй электр тармактар ишканасы 5 жаңы атайын техника менен камсыз болду

Чүй электр тармактар ишканасы 5 жаңы атайын техника менен камсыз болду

Чүй электр тармактар ишканасында энергетиктерге 5 жаңы атайын техника тапшырылды. Бул тууралуу ишканадан билдиришти.  Маалыматка ылайык, тармакты жаңылоо жана материалдык-техникалык базаны чыңдоо программасынын алкагында ишкананын автопаркы жаңы атайын техникалар менен толукталды. Анын ичинде 25 метрлик FAW TIGER автокөтөргүчү жана SHANMON 388 экскаватор-жүктөгүчү механизация жана автотранспорт кызматына берилди. Курулуш-

“Элкарт Мобайл” аркылуу QR-код менен эми Кытайда төлөм жүргүзсө болот

“Элкарт Мобайл” аркылуу QR-код менен эми Кытайда төлөм жүргүзсө болот

Кыргызстандын улуттук төлөм системасы жаңы эл аралык кызматты ишке киргизди. Эми «Элкарт Мобайл» тиркемесинин колдонуучулары Кытайда Alipay+ аркылуу төлөөнү ишке ашыра алышат. Аны үчүн  кыргызстандыктар Кытайда товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн QR-код менен төлөшү керек. “БАПБ” ЖАК (Элкарт) маалыматын караганда, төлөмдү ишке ашыруу үчүн “Элкарт Мобайл” тиркемесин жаңылап, “Сервистер”

Улуттук банк эки төлөм уюмуна 220 миң сом айып пул салды

Улуттук банк эки төлөм уюмуна 220 миң сом айып пул салды

КРнын Улуттук банкынын маалыматына ылайык, өлкө мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарында иш алып барган эки төлөм уюмуна айып пул салынды. Маалыматка ылайык, көзөмөл жана жөнгө салуу иштеринин алкагында аныкталган мыйзам бузуулар үчүн бул төлөм уюмдарына жалпы суммасы 220 миң сом өлчөмүндө