Таласта 4.2 млн сом опузалоого шектелип жергиликтүү кеңешинин депутаты кармалды

Таласта 4.2 млн сом опузалоого шектелип жергиликтүү кеңешинин депутаты кармалды

Талас облусунун Бекмолдо а/а жергиликтүү кеңешинин депутаты Ч.Т.Ж. кармалды. Ал 4 млн 200 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын опузалоого шектелүүдө. Бул тууралуу УКМК билдириди.

Атайын кызматтын билдирүүсүнө караганда, шектүү 25-декабрда Бишкек шаарынын аймагында 1 млн сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен кармалды.

Ушул жылдын декабрынын башында Ч.Т.Ж. ар кандай коркутуулар менен Талас районунун Бекмолдо айылына түтүктөрдү төшөө үчүн утуп алган 67 млн сом өлчөмүндөгү тендердин жалпы суммасынын 6% өлчөмүндө компенсация катары бересин деп жеке ишкананын директорунан 4 миллион 200 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кыла баштаган.

Болбосо, жогоруда аты аталган депутат ден соолугуна зыян келтирем деп коркутуп, курулуш иштерин жүргүзүүдө ар кандай тоскоолдуктарды уюштурууну убадалаган.

Тиешелүү иш-чаралардын жыйынтыгы менен кармалган адам КР УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.

Учурда жогорудагы мыйзам бузууларга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери уланууда.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук коопсуздукка коркунуч жараткандар жарандыктан ажыратылат

Улуттук коопсуздукка коркунуч жараткандар жарандыктан ажыратылат

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын жарандыгы маселелерин кароо тартибине өзгөртүүлөрдү киргизген Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти. Жаңы тартипке ылайык, жарандык алуу жана андан чыгуу боюнча бардык документтер автоматташтырылган маалыматтык система аркылуу электрондук жана кагаз түрүндө таризделет. Мындан ары арыздар электрондук кол тамга менен да ырасталат.

Туруктуу өнүгүү долбоору: Отуз-Адырда ири таза суу тутуму ишке кирди

Туруктуу өнүгүү долбоору: Отуз-Адырда ири таза суу тутуму ишке кирди

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Отуз-Адыр айылында Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) тарабынан ишке ашырылган "Айылды суу менен камсыз кылуу жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү" долбоорунун алкагында таза суу менен камсыздоо тутумунун техникалык ачылышы болуп өттү. Долбоор Министрлер кабинети менен Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланып, АРИС тарабынан ишке

Ысык-Көлдө ШКУга мүчө-мамлекеттердин медиафоруму өтүп жатат

Ысык-Көлдө ШКУга мүчө-мамлекеттердин медиафоруму өтүп жатат

Бүгүн, Ысык-Көл облусунда Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан уюштурулган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин медиафоруму өтүп жатат. Министрликтин маалыматына ылайык, медиафорум ШКУга мүчө-мамлекеттердин мамлекеттик органдарынын, алдыңкы ЖМКларынын, санарип платформаларынын жана эксперттик коомчулугунун өкүлдөрү — алты өлкөдөн 100гө жакын катышуучу катышууда. Иш-чаранын негизги максаты — ШКУ өлкөлөрүнүн ортосундагы

Ысык-Ата районунда 34 чакырым жол оңдолууда

Ысык-Ата районунда 34 чакырым жол оңдолууда

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан Ысык-Ата районунда жол инфраструктурасын өнүктүрүү максатында автомобиль жолдорун куруу жана оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын маалыматына караганда, 2026-жылдагы планга ылайык, Ысык-Ата районунда жалпы 34.5 чакырым жолго асфальт төшөө каралган. Бүгүнкү күндө Жээк – Гагарина автомобиль жолунун 5 чакырым