Туруктуу өнүгүү долбоору: Отуз-Адырда ири таза суу тутуму ишке кирди

Туруктуу өнүгүү долбоору: Отуз-Адырда ири таза суу тутуму ишке кирди

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Отуз-Адыр айылында Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) тарабынан ишке ашырылган "Айылды суу менен камсыз кылуу жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү" долбоорунун алкагында таза суу менен камсыздоо тутумунун техникалык ачылышы болуп өттү.

Долбоор Министрлер кабинети менен Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланып, АРИС тарабынан ишке ашырылган. Салтанаттуу иш-чарага Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков, Дүйнөлүк банктын «Планета» багыты боюнча вице-президенти Гуанчжэ Чэнь, Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Хью Ридделл, АРИСтин аткаруучу директору Калыбек Жумадылов жана башка коноктор катышты.

АРИС ишке ашырган "Отуз-Адыр" чакан долбоору Кара-Суу районунун 12 айылын камтыды. Жалпы баасы 541,7 миллион сомду түзгөн долбоордун алкагында 140 чакырымдан ашуун магистралдык жана бөлүштүрүүчү суу түтүктөрү курулуп, 22 миңден ашуун тургун сапаттуу ичүүчү сууга туруктуу жете алат.

Мындан тышкары, коомдук мекемелерде санитардык-гигиеналык шарттар жакшыртылып, үй чарбаларына дагы гранттар берилди. Калк арасында суу менен камсыздоо, санитария жана гигиена боюнча түшүндүрүү жана окутуу иштери жүргүзүлдү.

Отуз-Адырдагы жаңыланган суу менен камсыздоо системасынын пайдаланууга берилиши АРИС ишке ашырып жаткан долбоорлордун алкагында аймактардын туруктуу өнүгүшүнө шарт түзүү багытындагы маанилүү иштердин бири болуп саналат.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Кореянын өнүктүрүү фондун түзүү демилгеси көтөрүлдү

Кыргызстан менен Кореянын өнүктүрүү фондун түзүү демилгеси көтөрүлдү

Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Корея Республикасынын Улуттук Ассамблеясынын вице-спикери, Корея–Кыргызстан депутаттык достук тобунун жетекчиси Пак Док Хым баштаган делегация менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти. Жолугушууда тараптар кыргыз-корей кызматташтыгын өнүктүрүү, парламенттер аралык байланыштарды чыңдоо жана соода-экономикалык алакаларды кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Марлен

Бишкекке 100 миң түп бак отургузуу пландалууда

Бишкекке 100 миң түп бак отургузуу пландалууда

Бишкекте Экологиялык кеңештин жыйынынын жыйынтыгында борбор калаага 100 миң түп көчөт отургузуу чечими кабыл алынды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 10-июлда шаар мэри Айбек Джунушалиевдин төрагалыгы алдында өткөн коомдук угууларга Экологиялык кеңештин мүчөлөрү, экологиялык уюмдардын өкүлдөрү, жарандык активисттер, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жана шаар тургундары катышты. Иш-

Транспорт тармагынан 6 айда бюджетке 614 млн сомдон ашык каражат түштү

Транспорт тармагынан 6 айда бюджетке 614 млн сомдон ашык каражат түштү

Үстүбүздөгү жылдын алгачкы алты айында транспорт тармагындагы кызмат көрсөтүүлөрдөн мамлекеттик бюджетке 614 миллион сомдон ашык каражат түшүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 17%га көбөйдү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бюджетке түшкөн каражат былтыркы жылга салыштырмалуу дээрлик 91 миллион сомго көп болгон. Алты ай ичинде транспорттук

Бишкектеги курулуштагы өрттөн кийин компанияга 200 миң сом айып салынды

Бишкектеги курулуштагы өрттөн кийин компанияга 200 миң сом айып салынды

Бишкек шаарындагы көп кабаттуу турак жайдын курулушунда чыккан өрттөн кийин курулуш компаниясына 200 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, окуя күн мурун саат 10:30 чамасында Фучик көчөсү, 38 дарегинде жайгашкан 12 кабаттуу турак жайдын курулуш аянтчасында болгон. Алдын