Ысык-Көлдө ШКУга мүчө мамлекеттердин медиафоруму өтүп жатат

Ысык-Көлдө ШКУга мүчө мамлекеттердин медиафоруму өтүп жатат

Бүгүн, Ысык-Көл облусунда Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан уюштурулган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин медиафоруму өтүп жатат.

Министрликтин маалыматына ылайык, медиафорум ШКУга мүчө мамлекеттердин мамлекеттик органдарынын, алдыңкы ЖМКларынын, санарип платформаларынын жана эксперттик коомчулугунун өкүлдөрү — алты өлкөдөн 100гө жакын катышуучу катышууда.

Иш-чаранын негизги максаты — ШКУ өлкөлөрүнүн ортосундагы медиа кызматташтыкты бекемдөө, маалымат жана коммуникация тармагындагы өнөктөштүк байланыштарды өнүктүрүү, ошондой эле медиачөйрөнүн санариптик трансформациясы шартында бирдиктүү кесиптик диалогду калыптандыруу болуп саналат.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов медиафорумду ачып жатып, бүгүнкү күндө маалымат көз ирмемде тарап, коомдук пикирди гана калыптандырбастан, эл аралык процесстерге да түздөн-түз таасир этип жаткандыгын белгиледи.

“Улуттук кызыкчылыктарды коргоо, такталбаган маалыматтардын жайылышына бөгөт коюу жана киберкоопсуздукту камсыздоо маселелери бизден жоопкерчиликтүү мамилени, тыгыз кызматташууну жана биргелешкен чечимдерди иштеп чыгууну талап кылат”, - деди ал өз сөзүндө.

ШКУга мүчө-мамлекеттердин делегация башчылары маалыматтык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн, медиамейкиндикте ишенимди бекемдөөнүн жана өлкөлөр ортосундагы кесиптик өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти.

 Форумдун алкагында инновациялык технологияларды киргизүү, санариптик платформалардын ролу жана өзгөрүп жаткан маалыматтык ландшафттагы кесиптик жоопкерчилик маселелери боюнча талкуулар уланууда.

Мындан тышкары окуңуз

Айтматов районунун Чымкент айылында 140 орундуу бала бакчанын курулушу бүттү

Айтматов районунун Чымкент айылында 140 орундуу бала бакчанын курулушу бүттү

Талас облусунун Айтматов районуна караштуу Чолпонбай айыл өкмөтүнүн Чымкент айылында 140 орундуу бала бакчанын курулушу аяктады. Объект республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы аянты 1 480,85 чарчы метрди түзгөн эки кабаттуу имарат курулду. Курулуш министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, бала бакча 140 балага ылайыкталып, билим алуу-тарбиялоо, эс алуу

Ишкер Media
Кыргызстанда сасык тумоого каршы эмдөө башталды

Кыргызстанда сасык тумоого каршы эмдөө башталды

Кыргызстанга сасык тумоого каршы вакциналар алынып келинип, аймактарга таратылып берилди. Бишкектеги үй-бүлөлүк мединалык борборлордо эмдөө башталды. Бул тууралуу Санэпидкөзөмөл департаменти башкармалыгынын жетекчиси Динара Оторбаева "Биринчи радиодон" чыгып сүйлөгөндө билдирди. Динара Отунбаеванын сөзүнө караганда биринчи кезекте ооруну жуктуруп алуу коркунучу жогоркулар бекер эмделет. Алар: * Өнөкөт оорусу бар жарандар

Ишкер Media
Ч.Айтматовдун айкелинин эскизин даярдап - 200 000 сом байге утуп алуу сунушталууда

Ч.Айтматовдун айкелинин эскизин даярдап - 200 000 сом байге утуп алуу сунушталууда

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун айкелинин жана анын чыгармаларынын негизиндеги скульптуралык композициянын эскиздик долбооруна жарыяланган ачык сынактын мөөнөтү 29-ноябрына чейин созулат. Мындай билдирүүнү аталган министрликтен маалымдашты. Сынактын максаты - жазуучунун инсандыгын, чыгармачылык мурасын жана чыгармаларындагы жалпы адамзаттык баалуулуктарды чагылдырган мыкты монументалдык-скульптуралык чечимди тандоо. Билдирүүгө

Ишкер Media
Улуттук банк алты талапкердин кызмат ордуна дайындалышына макулдук берди

Улуттук банк алты талапкердин кызмат ордуна дайындалышына макулдук берди

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 29-сентябрда коммерциялык банктардагы бир катар жетекчилик кызматтарга сунушталган талапкерлердин талапкерлигине макулдук берди. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, “Асман Банк” ЖАКтын директорлор кеңешинин төрагасы кызматына сунушталган Исакова Гульзина Абыловнанын, ошондой эле директорлор кеңешинин мүчөлүгүнө сунушталган Ааб Рийна Амалиенин талапкерлигине макулдук берилди.

Ишкер Media