Ысык-Ата районунда 34 чакырым жол оңдолууда

Ысык-Ата районунда 34 чакырым жол оңдолууда

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан Ысык-Ата районунда жол инфраструктурасын өнүктүрүү максатында автомобиль жолдорун куруу жана оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын маалыматына караганда, 2026-жылдагы планга ылайык, Ысык-Ата районунда жалпы 34.5 чакырым жолго асфальт төшөө каралган. Бүгүнкү күндө Жээк – Гагарина автомобиль жолунун 5 чакырым бөлүгүн асфальттоо толук бүткөрүлдү. Ошондой эле Новопокровка – Туз автомобиль жолун жана Красная Речка – Ысык-Ата автомобиль жолун асфальттоо аяктады.  

Учурда, Кант – Горная Серафимовка унаа жолунун  9 чакырымдан ашык тилкесине асфальт басууга даярдык иштери жүргүзүлүүдө.  Туз – Интернационал – Жар-Башы автомобиль жолунун 3 чакырым бөлүгүнө асфальт төшөө пландалып, учурда жер жумуштары аткарылууда. Аймактагы башка жол тилкелеринде да жол куруу иштери активдүү уланууда. 

Ысык-Ата районундагы жол инфраструктурасын жакшыртуу боюнча иштер министрликтин көзөмөлүндө улантылууда. 

Мындан тышкары окуңуз

Баткенде туристтик инфраструктураны жакшыртуу маселеси көтөрүлдү

Баткенде туристтик инфраструктураны жакшыртуу маселеси көтөрүлдү

Баткен облусунда туризм тармагын өнүктүрүү, туристтер үчүн шарттарды жакшыртуу жана инфраструктураны өркүндөтүү маселелери талкууланды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов облус башчысынын орун басары Максатай Мамытбекова менен жолугушуп, аймактагы туризмдин негизги маселелери жана өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү боюнча пикир алышты. Андан

Кыргыз-өзбек жаш парламентарийлери  тажрыйба алмашууну көздөшөт

Кыргыз-өзбек жаш парламентарийлери тажрыйба алмашууну көздөшөт

10-августта Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Кыргызстандын жана Өзбекстандын жаш парламентарийлеринин II форумуна катышты. "Жаштар – жалпы прогресске жана тынчтыкка карай жолдо!" деген ураан алдында өткөн форумга эки өлкөнүн депутаттары, жаштар, адистер жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты. Марлен Маматалиев кыргыз-өзбек мамилелеринин тарыхый, маданий жана руханий жакындыгын белгилеп,

Ош шаарында мыйзамсыз валюта алмаштырган 9 жаранга айып пул салынды

Ош шаарында мыйзамсыз валюта алмаштырган 9 жаранга айып пул салынды

Ош шаарында Улуттук банктын лицензиясы жок чет өлкө валютасын алмаштыруу менен алектенген 9 жаранга айып пул салынды. Бул тууралуу КРнын Улуттук банкынын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, мыйзамсыз акча алмаштырууга карата көзөмөлдү Ош облустук башкармалыктын өкүлдөрү ишке ашырып, анын жүрүшүндө аталган жарандар Улуттук банктын тиешелүү лицензиясы жок нак чет

Баткенде көп балалуу энелер "Баатыр эне" жана "Эне даңкы" сыйлыктарын алышты

Баткенде көп балалуу энелер "Баатыр эне" жана "Эне даңкы" сыйлыктарын алышты

Баткен районунда көп балалуу 70 энеге мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды. Бул тууралуу Баткен райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти. Салтанатта 36 энеге "Баатыр эне" ордени, ал эми 34 энеге "Эне даңкы" медалы тапшырылды. Иш-чарага президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Максатай Каримбердиева, Баткен районунун акиминин орун