Бишкекте жылуулук качан бериле турганы айтылды
Бишкек шаарында жылуулук берүү алдынкы күндөрдөгү аба-ырайына байланыштуу болот. Бул тууралуу "Ишкер медиасына" Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, өлкөдө 5 күн менен катары аба-ырайы +8 градустан төмөн болгон учурда бериле баштайт.
Ошондой эле, муниципалдык ишканалардын бардыгы шаардын объектилерине жылуулукту өз убагында туташтырууга толук даяр экени белгиленди. Жылуулук алгач соцобъектилерге, андан кийин көп кабаттуу үйлөр менен жеке секторго берилет.