Түптө жемиш кайра иштетүүчү цех курулууда
Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Балбай айыл аймагында жаңы экономикалык долбоор башталды. Бул тууралуу Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги билдирди.
НПИС алкагында "Жем жемиштерди кайра иштетүү цехин куруу" долбоору ишке киргизилди. Анын максаты - жергиликтүү дыйкандардын продукциясын чийки зат катары эмес, кайра иштетип, кошумча нарк менен сатуу.
Маалым болгондой, долбоорду ишкерлер Таалайбек Алиев менен Замирбек Абдылдаев ишке ашырууда. Алар OSOP+1 өндүрүштүк цехинде "окуу - практика - талдоо - өркүндөтүү" принциби боюнча окуудан өтүштү.
Жаңы цех айыл тургундарынын кирешесин арттырып, жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүгө өбөлгө болот.