Туристтик саякат сунуштаган алдамчылык көбөйдү
Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгы жарандарды туристтик сапарларды, эс алууну жана туристтик жолдомолорду сатып алууну сунуштоо менен байланышкан алдамчылык фактылары көбөйүп жатканы тууралуу эскертүү таратты.
ИИМдин маалыматына караганда, алдамчылар социалдык тармактарга жана мессенджерлерге чет өлкөгө “пайдалуу баада” саякаттап келүүнү сунуштаган жарыяларды жайгаштырышат. Анда авиабилеттер, мейманканада жашоо жана экскурсиялык программалар кадимки баадан кыйла арзан экени айтылат.
Жаран сунушталган турга кызыккан соң, шылуундар алдын ала төлөмдү же турдун толук баасын банк картасына же электрондук капчыкка которууну талап кылышат. Акча которулгандан кийин алар байланышка чыкпай, кат алышууларды өчүрүп, кардарды бөгөттөп салышат.
Айрым учурларда жабырлануучуларга жасалма документтер, электрондук билеттер же брондолгонун ырастаган жасалма документтер берилет.
Алдамчылыкка кабылбоо үчүн төмөнкүлөр сунушталат:
- туристтик компанияны жана анын расмий байланыш маалыматтарын текшерүү;
- шектүү деңгээлде арзан сунуштарга ишенбөө;
- сатуучунун баракчасында гана эмес, көз карандысыз булактардагы пикирлерди да текшерүү;
- уюмдун ишмердигин жана келишимди текшермейинче тааныш эмес адамдарга акча которбоо;
- туристтик кызмат көрсөтүү боюнча расмий келишимди жана төлөмдү ырастаган документтерди талап кылуу.
Бишкек шаардык ИИБ жарандарды туристтик кызматтарды тандоодо сак болууга жана акча которуудан мурда сунуштун чын-төгүнүн кылдат текшерүүгө чакырат.