«Бишкек Башкыархитектура» жана Мамлекеттик картографиянын кызматкерлери пара менен кармалды

«Бишкек Башкыархитектура» жана Мамлекеттик картографиянын кызматкерлери пара менен кармалды

КР УКМК тарабынан опузалап 2 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын талап кылуу фактысы боюнча, 2024-жылдын 22-январында Бишкекте Ленин районунун башкы архитектору А.Н.М. жана Мамлекеттик картографиянын экономикалык бөлүгү боюнча бөлүмүнүн башчысы М.Ж.А. кармалды. Бул тууралуу мекеме билдирди.

Такталгандай, аткаминерлер 1 миң АКШ доллар өлчөмүндөгү акча каражатын алып жаткан жеринен кармалышты.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө, Ленин районунун башкы архитектору А.Н.М. аффилирленген жактар аркылуу коммерциялык объектилерди бузуу шылтоосу менен ар бир объектиге 2-3 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын талап кылгандыгы аныкталды.

Учурда кармалгандардын катышуусунда жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүп, башка кызмат адамдарынын бул коррупциялык схемага катышуусу бар экендиги аныкталууда.

Мындан тышкары окуңуз

"Бала ырысы" жөлөк пулун 250 миңден ашык үй-бүлө алууда

"Бала ырысы" жөлөк пулун 250 миңден ашык үй-бүлө алууда

Үч жашка чейинки балдары бар үй-бүлөлөрдү колдоого багытталган "Бала ырысы" мамлекеттик программасы ишке киргенден бери жөлөк пул алуучулардын саны туруктуу өстү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги кабарлайт. Маалымдалгандай, 2026-жылдын июль айында жөлөк пул алуучулар 191 796 болсо, сентябрь айында 232 529, ал эми

Ишкер Media
Жыргалаңдагы кластер үчүн “Ала-Тоо Резорт” 35 миллион сомдук тендер жарыялады

Жыргалаңдагы кластер үчүн “Ала-Тоо Резорт” 35 миллион сомдук тендер жарыялады

Ысык-Көлдүн Жыргалаң айылындагы төрт мезгилдүү кластер үчүн атайын техника жана материалдык-техникалык каражаттарды сатып алууга "Ала-Тоо Резорт" акционердик коому тендер жарыялады. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлк департаменти билдирди. Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин маалыматына ылайык, жалпы суммасы 35,4 миллион сом. Товарлар 20-ноябрдан кечиктирилбей жеткирилиши керек. Департаменттин

Ишкер Media
РФдагы кыргыз жарандарынын төлөнбөй келген эмгек акылары төлөнүп берилди

РФдагы кыргыз жарандарынын төлөнбөй келген эмгек акылары төлөнүп берилди

КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин РФдагы Өкүлчүлүгүнө Кыргызстандын 10 жаранынан “УМК” ЖЧКсы тарабынан эмгек акынын төлөнбөй жаткандыгы боюнча жамааттык кайрылуу келип түшкөн. Бул боюнча Өкүлчүлүк тийиштүү иш жүргүзүп, түзүлгөн кырдаалды сотко чейинки тартипте жөнгө салуу боюнча иш берүүчү менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Эмгек министрлигинин билдирүүсүнө караганда, жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн жана

Ишкер Media
Кара тумоо дарты кайдан жугат, кантип алдын алса болот?

Кара тумоо дарты кайдан жугат, кантип алдын алса болот?

Дүйнөдөгү эң оор оорулардын бири бул - кара тумоо (чума). Учурунда андан миллиондогон адамдар көз жумган. Дартты кара тумоо таякчасынын бактериялары козгойт. Бул тууралуу Республикалык карантиндик жана кооптуу жугуштуу оорулар борборунун эпидемиологу Кубанычбек Бектурдиев билдирди. Ишкер Медиа - аталган оору кайдан кантип жугары, оору белгилери жана сактануу жолдору тууралуу адистин билдирүүсүнүн негизинде

Ишкер Media