ТИМ 2023-жылда аткарылган иштердин жыйынтыктарын жарыялады

ТИМ 2023-жылда аткарылган иштердин жыйынтыктарын жарыялады

Тышкы иштер министрлигинин дипломатиялык кызмат органдарынын 2023-жылда аткарган иштеринин жыйынтыктары жана быйылкы жылга коюлган милдеттерин караган коллегиясын өткөрдү. 

Минкаб төрагасы Акылбек Жапаров тышкы саясатта иш жүргүзгөн мекеменин ишинин оң натыйжаларын айтып өтүп, министрлик көп тармактуу тышкы саясатты жүргүзүү менен, мамлекеттин кызыкчылыгын коргоп жатканын белгиледи. 

Маселен, өткөн жылы мамлекеттик жогорку деңгээлде жалпысынан 180ге жакын иш-чара өткөрүлдү. Бул убакыт аралыгында 600 эл аралык макулдашуулар жана документтер даярдалган, анын 150 – эки тараптуу, 450 – көп тараптуу.  

Акылбек Жапаров быйыл министрликтин алдына бир катар маанилүү милдеттерди койду. Өзгөчө экономикалык дипломатия жаатында ишти күчөтүүнү тапшырды. Маселен, «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолу, «Камбар-Ата-1 ГЭС» сыяктуу ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга инвестиция тартуу, ошондой эле ата мекендик айыл чарба продукциясын, бөтөлкөдөгү сууну экспорттоону жогорулатууга колдоо көрсөтүүлөрү керек.  

Мындан тышкары коллегиянын жыйынтыгында бир катар тапшырмалар берилди.

Мындан тышкары окуңуз

Балдардын баасы 5.0: курьерлер жана айдоочулар Family Day майрамын белгилешти

Балдардын баасы 5.0: курьерлер жана айдоочулар Family Day майрамын белгилешти

Июндун ишемби күнү, Бишкектин Дордой стадионун таңы балдардын жандуу күлкүсү менен башталды. Адатта, бул адамдар бири-бирин үстүртөн карап, жолдун кесилишинде унаанын арткы күзгүсүнөн же шаардык кафелерде буйрутма алып кетүүгө келгенде, ар бир мүнөт кымбат кезде көрүшөт. Бирок бул күнү айдоочу, курьер жана “Яндекс Кыргызстандын” кызматкерлери өздөрүн ата-эне, күйөө

Батумиде шайлоодогу маалыматтык коопсуздук маселелери каралууда

Батумиде шайлоодогу маалыматтык коопсуздук маселелери каралууда

17–18-июнь күндөрү Грузиянын Батуми шаарында шайлоону башкаруу органдарынын жыйыны өтүүдө. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чарага дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүнөн шайлоо органдарынын өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын адистери катышууда. Кыргызстандан БШКнын басма сөз катчысы Наргиза Мансурова-Ябута жана эл аралык кызматташтык жана шайлоо процессинин катышуучулары

Караколдогу сейил бак оңдоп-түзөөдөн өтүүдө

Караколдогу сейил бак оңдоп-түзөөдөн өтүүдө

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Каракол шаарындагы 100 жылдык тарыхы бар А.Пушкин атындагы борбордук сейил бакты оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жалпы аянты 7,5 гектарды

Нарында саркынды суу тазалоо жайынын курулушу башталды

Нарында саркынды суу тазалоо жайынын курулушу башталды

“Нарын шаарында таза суу менен камсыздоо жана канализация системасын ишке ашыруу” долбоорунун II фазасынын алкагында жаңы саркынды суу тазалоо жайынын курулушуна капсула салынды. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Нарын шаары үчүн өзгөчө маанилүү санитардык-экологиялык мыкты шарт түзүүчү обьектинин курулушун баштоо салтанатына Министрлер Кабинетинин Төрагасынын