Губернаторлор фонддордун эки тараптуу ишмердүүлүгү менен таанышты

Губернаторлор фонддордун эки тараптуу ишмердүүлүгү менен таанышты

2024-жылдын 23-24-январында Экономика жана коммерция министрлиги бардык облустарынын жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын башчылары үчүн эки тараптуу өнүктүрүү фонддорунун  каражаттарынын эсебинен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча семинар уюштурду. Бул тууралуу мекеме билдирди.

Бул иш-чара «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында 2023-жылга аткарылган иштер боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин отчетторун угуу, 2024-жылга карата иш-пландарды кароонун алкагында .

Семинардын жүрүшүндө финансы институттарынын жетекчилери өздөрүнүн долбоордук ишмердүүлүгү, долбоорлорду каржылоо шарттары жана талаптары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймактарында пландаштырылган долбоорлору тууралуу маалымат беришти. Муну менен катар катышуучулар кызыккан суроолоруна толук жооп ала алышты, ошондой эле каржы институттарынын уюштурулган стенддеринде көрсөтүлгөн кошумча материалдар менен тааныша алышты.

Маалымат иретинде:

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын аймагында үч өнүктүрүү фонду (РKӨФ, ТКӨФ жана ВКӨФ) толук кандуу иштеп жатат. Ошондой эле Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондун жана Түрк инвестициялык фондун практикалык ишке киргизүү боюнча иштер жүрүп жатат. Кошумчалай кетсек, ушул сыяктуу фонддорду түзүү боюнча бир катар мамлекеттер менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

Өнүктүрүү институттары менен бизнестин ортосундагы диалогду түзүү жана өнүктүрүү максатында түрдүү иш-чаралар (форумдар, конференциялар) өткөрүлөт, анын алкагында бизнес менен диалогду куруу үчүн натыйжалуу аянтчалар түзүлөт.

Мындан тышкары окуңуз

Нарында мыйзамсыз курал алып жүргөн жаранга 12 500 сом айып салынды

Нарында мыйзамсыз курал алып жүргөн жаранга 12 500 сом айып салынды

Нарын облусунда браконьерликке каршы рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлиги билдирди. Маалым болгондой, министрликтин Нарын башкармалыгынын кызматкерлери 2025 аскер бөлүгүнүн чек арачылары менен биргеликте Ак-Сай-Арпа жайлоосунун "Сөөк" участкасында текшерүү жүргүзгөн. Текшерүүдө жеке жарандын ок атуучу куралды уруксатсыз алып жүргөндүгү аныкталды. Жеринде акт түзүлүп, жаранга түшүндүрүү

Ишкер Media
Ош шаарынын күнүнө карата улуттук спорттук мелдештер өттү

Ош шаарынын күнүнө карата улуттук спорттук мелдештер өттү

Ош шаарынын күнүнө карата көк бөрү жана ат чабыш боюнча мелдештер уюштурулду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалымдалгандай, көк бөрү боюнча Ош облусунун жаштар чемпиондугу 3 күнгө созулуп, ага 7 команда катышты: Ноокат, Өзгөн-2, Кара-Суу, Ош шаары, Кара-Кулжа, Өзгөн-1 жана Алай. Мелдештер мэриянын колдоосу менен өткөрүлдү. Жыйынтыгында:

Ишкер Media
Ислам өнүктүрүү банкы Кыргызстан менен энергетика тармагында кызматташууга кызыкдар

Ислам өнүктүрүү банкы Кыргызстан менен энергетика тармагында кызматташууга кызыкдар

КРнын энергетика министри Алтынбек Рысбеков Ислам өнүктүрүү банкынын (ИБР) тобунун Аймактык хабынын жетекчиси Хаммад Хундал менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө кызматташтыкты кеңейтүүнүн жана ИБР тобунун Кыргызстандын энергетика тармагындагы долбоорлорду ишке ашырууга катышуусунун келечеги талкууланды. Тараптар Кыргызстандын энергетикалык инфраструктурасын өнүктүрүүгө ИБР тобунун кошкон олуттуу салымын белгилешти. Анын ичинде CASA-1000 эл

Ишкер Media
Бишкек Арена стадионунун расмий ачылышы өттү

Бишкек Арена стадионунун расмий ачылышы өттү

5-октябрда Бишкекте көптөн күткөн заманбап «Бишкек Арена» стадионунун салтанаттуу ачылыш аземи өттү. Салтанат чоң концерттик программа менен коштолуп, ага ата мекендик жана чет өлкөлүк өнөрпоздор катышты. Саамалыктын эсте каларлык жана толкунданткан учурларынын бири - мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун эл алдына чыгып, өлкө элин бул тарыхый окуя менен куттуктаганы болду. Президент

Ишкер Media