Ош шаарынын күнүнө карата улуттук спорттук мелдештер өттү

Ош шаарынын күнүнө карата улуттук спорттук мелдештер өттү

Ош шаарынын күнүнө карата көк бөрү жана ат чабыш боюнча мелдештер уюштурулду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалымдалгандай, көк бөрү боюнча Ош облусунун жаштар чемпиондугу 3 күнгө созулуп, ага 7 команда катышты: Ноокат, Өзгөн-2, Кара-Суу, Ош шаары, Кара-Кулжа, Өзгөн-1 жана Алай. Мелдештер мэриянын колдоосу менен өткөрүлдү.

Жыйынтыгында:
• 1-орун - Кара-Кулжа району;
• 2-орун - Кара-Суу району;
• 3-орун - Өзгөн району;
• 4-орун - Ноокат району.

Ошондой эле ат чабыш боюнча мелдеш өттү:

• Батакур чабыш (6 000 м) - Талас облусунан келген "Дубай" аргымагы 1-орун алып, мэрдин кубогу жана 50 миң сом менен сыйланды;

• Кунан чабыш (12 000 м) - Ысык-Көлдөн келген "Ландо" жеңип, кубок жана автоунаа алды;

• Аламан чабыш (25 000 м) - Ысык-Көлдөн келген "Ак-Байпак" марага биринчи келип, кубок жана автоунаа менен сыйланды.

Мындан тышкары окуңуз

Нарында мыйзамсыз курал алып жүргөн жаранга 12 500 сом айып салынды

Нарында мыйзамсыз курал алып жүргөн жаранга 12 500 сом айып салынды

Нарын облусунда браконьерликке каршы рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлиги билдирди. Маалым болгондой, министрликтин Нарын башкармалыгынын кызматкерлери 2025 аскер бөлүгүнүн чек арачылары менен биргеликте Ак-Сай-Арпа жайлоосунун "Сөөк" участкасында текшерүү жүргүзгөн. Текшерүүдө жеке жарандын ок атуучу куралды уруксатсыз алып жүргөндүгү аныкталды. Жеринде акт түзүлүп, жаранга түшүндүрүү

Ишкер Media
Ислам өнүктүрүү банкы Кыргызстан менен энергетика тармагында кызматташууга кызыкдар

Ислам өнүктүрүү банкы Кыргызстан менен энергетика тармагында кызматташууга кызыкдар

КРнын энергетика министри Алтынбек Рысбеков Ислам өнүктүрүү банкынын (ИБР) тобунун Аймактык хабынын жетекчиси Хаммад Хундал менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө кызматташтыкты кеңейтүүнүн жана ИБР тобунун Кыргызстандын энергетика тармагындагы долбоорлорду ишке ашырууга катышуусунун келечеги талкууланды. Тараптар Кыргызстандын энергетикалык инфраструктурасын өнүктүрүүгө ИБР тобунун кошкон олуттуу салымын белгилешти. Анын ичинде CASA-1000 эл

Ишкер Media
Бишкек Арена стадионунун расмий ачылышы өттү

Бишкек Арена стадионунун расмий ачылышы өттү

5-октябрда Бишкекте көптөн күткөн заманбап «Бишкек Арена» стадионунун салтанаттуу ачылыш аземи өттү. Салтанат чоң концерттик программа менен коштолуп, ага ата мекендик жана чет өлкөлүк өнөрпоздор катышты. Саамалыктын эсте каларлык жана толкунданткан учурларынын бири - мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун эл алдына чыгып, өлкө элин бул тарыхый окуя менен куттуктаганы болду. Президент

Ишкер Media
Айтматов районунун Чымкент айылында 140 орундуу бала бакчанын курулушу бүттү

Айтматов районунун Чымкент айылында 140 орундуу бала бакчанын курулушу бүттү

Талас облусунун Айтматов районуна караштуу Чолпонбай айыл өкмөтүнүн Чымкент айылында 140 орундуу бала бакчанын курулушу аяктады. Объект республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы аянты 1 480,85 чарчы метрди түзгөн эки кабаттуу имарат курулду. Курулуш министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, бала бакча 140 балага ылайыкталып, билим алуу-тарбиялоо, эс алуу

Ишкер Media