Нарында мыйзамсыз курал алып жүргөн жаранга 12 500 сом айып салынды
Нарын облусунда браконьерликке каршы рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлиги билдирди.
Маалым болгондой, министрликтин Нарын башкармалыгынын кызматкерлери 2025 аскер бөлүгүнүн чек арачылары менен биргеликте Ак-Сай-Арпа жайлоосунун "Сөөк" участкасында текшерүү жүргүзгөн.
Текшерүүдө жеке жарандын ок атуучу куралды уруксатсыз алып жүргөндүгү аныкталды.
Жеринде акт түзүлүп, жаранга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык аңчылык эрежелерин бузгандыгы үчүн 12 500 сом айып пул салынды.
Министрлик жарандарды аңчылык эрежелерин жана жаратылышты коргоо талаптарын сактоого чакырды.