Бишкек Арена стадионунун расмий ачылышы өттү
5-октябрда Бишкекте көптөн күткөн заманбап «Бишкек Арена» стадионунун салтанаттуу ачылыш аземи өттү. Салтанат чоң концерттик программа менен коштолуп, ага ата мекендик жана чет өлкөлүк өнөрпоздор катышты. Саамалыктын эсте каларлык жана толкунданткан учурларынын бири - мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун эл алдына чыгып, өлкө элин бул тарыхый окуя менен куттуктаганы болду.
Президент салттуу трибунада эмес, элге жакын форматта сөз сүйлөп, стадиондогу көрүүчүлөргө кайрылды. Стадионго 65 миң көрүүчү чогулса, интернет айдыңында миллиондогон көрүүчүлөр Бишкек Аренанын ачылышына күбө болушту.
Президент өз сөзүндө алты жыл аралыгында өлкөдө 1075 имарат жана объект курулганын айтты. Анын маалыматына караганда, алардын арасында мектептер, бала бакчалар, ооруканалар, маданият объектилери жана башка социалдык имараттар бар. Мындан тышкары, Садыр Жапаровдун айтымында, алты жыл ичинде Кыргызстанда 521 завод жана фабрика курулган.
“Завод, фабрикаларды да салып жатканыбызды мына мен жогоруда айттым. Анын ичинде Бишкек Арена дагы бар. Бул стадион дагы ошол заводдордун бир орточо же болбосо чоңураагын алганда дагы ошол заводдон кем эмес киреше алып келип берип турат. Мына көрүп жатасыздар, кезекке тура башташты”, - деп белгиледи Мамлекет башчысы.
Мамлекет башчысы 2020-жылдын аягында мамлекеттик бюджет оор абалда болгонун, бюджеттин тартыштыгын жабуу жана тышкы карыз боюнча милдеттенмелерди аткаруу маселеси турганын эске салды.
Анын айтымында, 2021-жылдын жыйынтыгында бюджет 187 млрд сом өлчөмүндөгү оң көрсөткүч менен аткарылган. Ошондой эле ички дүң өнүмдүн өсүшү 2021-жылдын аягында башталганын жана кийинки жылдары да уланып жатканын айтты. Президент экономиканын өсүшүн криминалды жоюу жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер менен байланыштырды.
Президенттин айтымында, 2027-жылы 111 мектепти куруу жана 44 райондук оорукана бөлүмүнүн курулушун аяктоо максаты коюлган. Ал эми 2028-жылдан тартып мектептердин жана башка социалдык объектилердин жетишсиздиги көйгөй болбошу керектигин белгиледи.
“Мындай стадиондон дагы онун салабыз! Миңдеген спутниктерди учурабыз жана социалдык объектилерди курабыз! Завод-фабрикаларды салабыз!” - деди президент.
Салтанаттын соңунда “Бишкек Аренада” концерттик программа уланды.

