Ислам өнүктүрүү банкы Кыргызстан менен энергетика тармагында кызматташууга кызыкдар

Ислам өнүктүрүү банкы Кыргызстан менен энергетика тармагында кызматташууга кызыкдар

КРнын энергетика министри Алтынбек Рысбеков Ислам өнүктүрүү банкынын (ИБР) тобунун Аймактык хабынын жетекчиси Хаммад Хундал менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө кызматташтыкты кеңейтүүнүн жана ИБР тобунун Кыргызстандын энергетика тармагындагы долбоорлорду ишке ашырууга катышуусунун келечеги талкууланды.

Тараптар Кыргызстандын энергетикалык инфраструктурасын өнүктүрүүгө ИБР тобунун кошкон олуттуу салымын белгилешти. Анын ичинде CASA-1000 эл аралык долбоорун ишке ашыруу, “Тамга–Каракол” 220 кВ аба электр берүү линиясын куруу жана башка долбоорлор камтылат.

Жолугушууда кызматташуунун келечектүү багыттарына — гидроэлектр станцияларын, көмөкчордондорду жана электр берүү линияларын курууга, иштеп жаткан энергетикалык объектилерди модернизациялоого, ошондой эле заманбап технологияларды жана санариптик чечимдерди киргизүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

"Бүгүнкү күндө энергетика тармагынын алдында жаңы генерациялоочу кубаттуулуктарды куруу, электр тармактык инфраструктураны өнүктүрүү, иштеп жаткан объектилерди модернизациялоо жана заманбап санариптик чечимдерди киргизүү боюнча маанилүү милдеттер турат. Биз ИБР тобу менен кызматташтыкты улантууга кызыкдарбыз жана ушул багыттар боюнча биргелешкен ишти улантабыз деп ишенебиз", — деди Энергетика министри Алтынбек Рысбеков.

Өз кезегинде Хаммад Хундал ИБР тобу КРсы менен өз ара кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө жана биргелешкен энергетикалык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирди.

“Ислам өнүктүрүү банкынын тобу КРсы менен түзүлгөн кызматташтыкты жогору баалайт жана аны мындан ары кеңейтүүгө кызыкдар. Биз келечектүү энергетикалык долбоорлор боюнча биргелешкен ишти улантууга жана Кыргызстандын заманбап жана туруктуу энергетикалык инфраструктурасын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүгө даярбыз”, — деди Хаммад Хундал.

Жолугушуунун жыйынтыгында энергетикалык инфраструктураны өнүктүрүүгө жана Кыргызстандын энергетикалык системасынын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга багытталган келечектүү долбоорлор боюнча биргелешкен ишти улантуу боюнча даярдык ырасталды.

Мындан тышкары окуңуз

Нарында мыйзамсыз курал алып жүргөн жаранга 12 500 сом айып салынды

Нарында мыйзамсыз курал алып жүргөн жаранга 12 500 сом айып салынды

Нарын облусунда браконьерликке каршы рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлиги билдирди. Маалым болгондой, министрликтин Нарын башкармалыгынын кызматкерлери 2025 аскер бөлүгүнүн чек арачылары менен биргеликте Ак-Сай-Арпа жайлоосунун "Сөөк" участкасында текшерүү жүргүзгөн. Текшерүүдө жеке жарандын ок атуучу куралды уруксатсыз алып жүргөндүгү аныкталды. Жеринде акт түзүлүп, жаранга түшүндүрүү

Ишкер Media
Ош шаарынын күнүнө карата улуттук спорттук мелдештер өттү

Ош шаарынын күнүнө карата улуттук спорттук мелдештер өттү

Ош шаарынын күнүнө карата көк бөрү жана ат чабыш боюнча мелдештер уюштурулду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалымдалгандай, көк бөрү боюнча Ош облусунун жаштар чемпиондугу 3 күнгө созулуп, ага 7 команда катышты: Ноокат, Өзгөн-2, Кара-Суу, Ош шаары, Кара-Кулжа, Өзгөн-1 жана Алай. Мелдештер мэриянын колдоосу менен өткөрүлдү. Жыйынтыгында:

Ишкер Media
Бишкек Арена стадионунун расмий ачылышы өттү

Бишкек Арена стадионунун расмий ачылышы өттү

5-октябрда Бишкекте көптөн күткөн заманбап «Бишкек Арена» стадионунун салтанаттуу ачылыш аземи өттү. Салтанат чоң концерттик программа менен коштолуп, ага ата мекендик жана чет өлкөлүк өнөрпоздор катышты. Саамалыктын эсте каларлык жана толкунданткан учурларынын бири - мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун эл алдына чыгып, өлкө элин бул тарыхый окуя менен куттуктаганы болду. Президент

Ишкер Media
Айтматов районунун Чымкент айылында 140 орундуу бала бакчанын курулушу бүттү

Айтматов районунун Чымкент айылында 140 орундуу бала бакчанын курулушу бүттү

Талас облусунун Айтматов районуна караштуу Чолпонбай айыл өкмөтүнүн Чымкент айылында 140 орундуу бала бакчанын курулушу аяктады. Объект республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы аянты 1 480,85 чарчы метрди түзгөн эки кабаттуу имарат курулду. Курулуш министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, бала бакча 140 балага ылайыкталып, билим алуу-тарбиялоо, эс алуу

Ишкер Media