Жалал-Абад мэринин жаңы орун басары дайындалды

Жалал-Абад мэринин жаңы орун басары дайындалды

Жалал-Абад шаарынын мэринин коммуналдык маселелер боюнча орун басары болуп, Жаныш Раимжанов дайындалды. Тиешелүү буйрукка шаар мэри Эрнисбек Ормоков кол койду.

Жаныш Раимжанов 2015-2019-жылдары Ош аймактык милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунда жетектөөчү адис болуп эмгектенген.

2019-жылдан ушул күнгө чейин президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын уюштуруу бөлүмүндө башкы адис болуп эмгектенип келе жаткан.

Эске салсак, Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Айбек Джолдошев ден соолугуна байланыштуу өз каалоосу менен кызматтан  кетүү тууралуу арыз жазгандыгына байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулган.

Мындан тышкары окуңуз

Ислам өнүктүрүү банкы Кыргызстан менен энергетика тармагында кызматташууга кызыкдар

Ислам өнүктүрүү банкы Кыргызстан менен энергетика тармагында кызматташууга кызыкдар

КРнын энергетика министри Алтынбек Рысбеков Ислам өнүктүрүү банкынын (ИБР) тобунун Аймактык хабынын жетекчиси Хаммад Хундал менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө кызматташтыкты кеңейтүүнүн жана ИБР тобунун Кыргызстандын энергетика тармагындагы долбоорлорду ишке ашырууга катышуусунун келечеги талкууланды. Тараптар Кыргызстандын энергетикалык инфраструктурасын өнүктүрүүгө ИБР тобунун кошкон олуттуу салымын белгилешти. Анын ичинде CASA-1000 эл

Ишкер Media
Бишкек Арена стадионунун расмий ачылышы өттү

Бишкек Арена стадионунун расмий ачылышы өттү

5-октябрда Бишкекте көптөн күткөн заманбап «Бишкек Арена» стадионунун салтанаттуу ачылыш аземи өттү. Салтанат чоң концерттик программа менен коштолуп, ага ата мекендик жана чет өлкөлүк өнөрпоздор катышты. Саамалыктын эсте каларлык жана толкунданткан учурларынын бири - мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун эл алдына чыгып, өлкө элин бул тарыхый окуя менен куттуктаганы болду. Президент

Ишкер Media
Айтматов районунун Чымкент айылында 140 орундуу бала бакчанын курулушу бүттү

Айтматов районунун Чымкент айылында 140 орундуу бала бакчанын курулушу бүттү

Талас облусунун Айтматов районуна караштуу Чолпонбай айыл өкмөтүнүн Чымкент айылында 140 орундуу бала бакчанын курулушу аяктады. Объект республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы аянты 1 480,85 чарчы метрди түзгөн эки кабаттуу имарат курулду. Курулуш министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, бала бакча 140 балага ылайыкталып, билим алуу-тарбиялоо, эс алуу

Ишкер Media
Кыргызстанда сасык тумоого каршы эмдөө башталды

Кыргызстанда сасык тумоого каршы эмдөө башталды

Кыргызстанга сасык тумоого каршы вакциналар алынып келинип, аймактарга таратылып берилди. Бишкектеги үй-бүлөлүк мединалык борборлордо эмдөө башталды. Бул тууралуу Санэпидкөзөмөл департаменти башкармалыгынын жетекчиси Динара Оторбаева "Биринчи радиодон" чыгып сүйлөгөндө билдирди. Динара Отунбаеванын сөзүнө караганда биринчи кезекте ооруну жуктуруп алуу коркунучу жогоркулар бекер эмделет. Алар: * Өнөкөт оорусу бар жарандар

Ишкер Media