Айтматов районунун Чымкент айылында 140 орундуу бала бакчанын курулушу бүттү

Айтматов районунун Чымкент айылында 140 орундуу бала бакчанын курулушу бүттү

Талас облусунун Айтматов районуна караштуу Чолпонбай айыл өкмөтүнүн Чымкент айылында 140 орундуу бала бакчанын курулушу аяктады. Объект республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы аянты 1 480,85 чарчы метрди түзгөн эки кабаттуу имарат курулду.

Курулуш министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, бала бакча 140 балага ылайыкталып, билим алуу-тарбиялоо, эс алуу жана күнүмдүк керектөөлөр үчүн бардык зарыл шарттар эске алынып, курулду.

Имаратта балдардын жаш өзгөчөлүгүнө ылайык ыңгайлуу шарттар түзүлүп, окуу-тарбия иштерин жүргүзүүгө, чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө ылайыктуу жайлар уюштурулган.

Бүгүнкү күндө бала бакчанын курулуш иштери толугу менен аяктап, объектини пайдаланууга берүүгө даярдоо иштери жүрүп жатат. 

Жаңы бала бакча Чымкент айылындагы мектепке чейинки билим берүү кызматтарына болгон муктаждыкты азайтып, балдар үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Эскирген, айрылган акчаны алмаштырууга болобу?

Бишкек-Балыкчы поездди менен канча адам жүргөн?

Кыргызстан - Грузия соода-экономикалык кызматташтык маселелери талкууланды

Күйүүчү майды субсидиялоонунун мөөнөтүн узартуу сунушталууда

Кыргызстанда негизги капиталга салынган инвестиция 422 млрд сомду түздү