Акылбек Жапаров Digital Almaty 2024: Industry X форумуна катышат

Акылбек Жапаров Digital Almaty 2024: Industry X форумуна катышат
Photo by Kahar Erbol / Unsplash

2024-жылдын 1-2-февралында Алматыга министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жумушчу сапары болот. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Сапардын алкагында минкаб башчысы Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына жана Digital Almaty 2024: Industry X эл аралык санарип форумуна катышат. 

ЕӨАКтин жыйынынын жүрүшүндө ЕАЭБге катышуучу тараптардын өкмөт башчылары соода-экономикалык кызматташуунун, ошондой эле техникалык жөнгө салуу, Биримдиктин интеграцияланган маалымат тутуму жана башка актуалдуу маселелердин кеңири чөйрөсүн карашат.  

Акылбек Жапаров ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары менен бирге жыл сайын өтүүчү Digital Almaty санарип форумунун пленардык жыйынына катышат. 

Форумга белгилүү эл аралык жана коомдук ишмерлер, ири IT-компаниялардын жетекчилери жана бизнес өкүлдөрү катышаары күтүлүүдө. 

Мындан тышкары, визиттин алкагында делегация башчыларынын, анын ичинде КРнын, Россиянын өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин жана Казакстандын премьер-министринин Алихан Смаилов ортосунда бир катар эки тараптуу жолугушуулар өткөрүлөт. 

Жолугушуулардын жүрүшүндө тараптар көп кырдуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашат жана бир катар маанилүү багыттар боюнча макулдашууларды ишке ашыруу боюнча мөөнөттөрүнө көз салышат.

Мындан тышкары окуңуз

Ысык-Көлдөн 1700 метр балык уулоочу тор чыгарылды

Ысык-Көлдөн 1700 метр балык уулоочу тор чыгарылды

Бүгүн суучулдар Түп булуңунан 1700 метр узундуктагы балык уулоочу эски торлорду чыгарышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, суучулдар ӨКМдин "Мөлтүр" кемесине түнөп, көлдү тазалоо иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүүдө. Белгиленгендей, Ысык-Көл акыркы 4 жылдан бери таштанды жана балык уулоочу торлордон тазаланууда.

Жыргалаңда “Ала-Тоо Резорт” долбоорунун жүрүшү талкууланды

Жыргалаңда “Ала-Тоо Резорт” долбоорунун жүрүшү талкууланды

Жыргалаң айылында “Ала-Тоо Резорт” бардык сезондогу тоо-кластери мамлекеттик долбоорун ишке ашыруу маселелери боюнча көчмө жыйын өттү. Жыйын Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары Азамат Кадыралиевдин төрагалыгы астында уюштурулду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Иш-чарага суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Рустам Балтабаев, министрликтин кызматкерлери

Эрлист Акунбеков “Джунда” заводундагы модернизация иштери менен таанышты

Эрлист Акунбеков “Джунда” заводундагы модернизация иштери менен таанышты

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Кара-Балта шаарындагы “Джунда” Чайна Петроль Компани” жабык акционердик коомуна таандык мунайды кайра иштетүүчү заводуна барып, модернизациялоо иштеринин жүрүшү менен таанышып көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн Басма сөз кызматынан билдиришти. Отурумга тиешелүү мамлекеттик органдардын башчылары, заводдун жетекчилиги жана

Бишкекте 9-майдан тарта ысык суу бериле баштайт

Бишкекте 9-майдан тарта ысык суу бериле баштайт

“Бишкекжылуулуктармагы” муниципалдык ишканасы шаарды ысык суу менен камсыздоо үчүн колдонулган жылуулук тармактарындагы оңдоо жана калыбына келтирүү иштери аяктаганын билдирди. Маалыматка ылайык, 8-майда адистер системаны муздак суу менен этап-этабы менен толтурууну жана ысык суу берүү процессине даярдык иштерин башташат. Ал эми Бишкек ЖЭБи керектөөчүлөргө ысык сууну 9-майдан тарта бере баштайт. Алгач