ӨКМне жаңы техникалар тапшырылды
![ӨКМне жаңы техникалар тапшырылды](/content/images/size/w1200/2024/02/65b9e2817fb18-1.jpg)
Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жаңы техникалар тапшырылды. Бул тууралуу минкаб билдирди.
Такталгандай, министрликтин карамагына 700дөн ашык заманбап унаалар берилип, авариялык-куткаруу кызматынын жабдыктары толугу менен жаңыланганын белгиледи.
Мекемеге 28 даана атайын техника, анын ичинен 10 даанасы Белоруссиядан алынып келинген БЕЛАЗ-7540Б үлгүсүндөгү чоң самосвал, 4 заманбап медициналык жана 4 өрт өчүрүүчү машина жана башка заманбап куткаруу техникасы берилди. Куткаруу шаймандары алууга республикалык бюджеттен 35 млн сом бөлүндү.
![](https://im.kg/content/images/2024/02/65b9e26ca409a.jpg)
![](https://im.kg/content/images/2024/02/65b9e26d9a467.jpg)
![](https://im.kg/content/images/2024/02/65b9e27e909af.jpg)
![](https://im.kg/content/images/2024/02/65b9e2817fb18-2.jpg)
![](https://im.kg/content/images/2024/02/65b9e276918d6.jpg)
![](https://im.kg/content/images/2024/02/65b9e2709215e.jpg)
![](https://im.kg/content/images/2024/02/65b9e2769152b.jpg)