Баш калаадагы кырдаалга байланыштуу Акылбек Жапаров Бишкекке кайтып келет
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Алматыдагы жумушчу сапарын үзгүлтүккө учуратып, борбор калаанын жылуулук электр борборундагы авариялык кырдаалга байланыштуу Бишкек шаарына учуп кетти. Бул тууралуу минкаб билдирди.
Акылбек Жапаровдун ордуна министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына жана Digital Almaty 2024: Industry X эл аралык санарип форумуна катышат.